​Чек арадагы окуядан улам 283 адам курман болду деген маалымат жалган (Фактчекинг)

Социалдык тармактын “Фейсбук” баракчасынын колдонуучулар “Кыргыз-тажик чырынын кесепетинен 283 адам каза болду”, — деген билдирүү таратышууда.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

1-майда саат 12:00 гө карата жабыркагандардын жалпы саны 163 адамга жетип, 33 адам көз жумган.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифингде билдирген.

Ошондой эле, Баткенден Бишкекке 49 жабырлануучу алынып келингенин айтат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен көз жумгандар:

  • Кубанычбеков Эсентур, 1991-жылы туулган, Мекен сакчысы
  • Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган, Мекен сакчысы
  • Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган; Мекен сакчысы
  • Сайдаров Махамадрасул 1985-жылы туулган; Баткен облусунун Кара-Бак айылынын тургуну;
  • Рахматжанова Мадина, 2008-жылы туулган; Кулунду айылынын тургуну.
  • Абдрахманов Баяман Гапарович, 1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
  • Каратаев Сагын Калбаевич, 1977-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну
  • Тагаев Сүйүн Ураимович, 1969-жылы туулган: Баткен шаары
  • Каработоев Алтынбек Жалилович, 1982-жылы туулган: Кадамжай шаарынын тургуну
  • Үсөн уулу Рашид, 1973-жылы туулган: Баткен шаарынын тургуну
  • Ганиев Жамшит Каиимович, 1990-жылы туулган, Чет- Булак айылынын тургуну
  • Нурумбаев Дастан Пайзуллаевич, 1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну
  • Махмадали уулу Мидин, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну
  • Мусаев Уланбек Эшанкулович, 1991-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну
  • Темирбаев Чыңгыз Темирбаевич, 1995-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну
  • Бактияров Салим Эрмаматович, 1963-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну.
  • Эргешали уулу Тынчтыкбек, 1991-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну
  • Саттаров Турдубай Азимович, 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну
  • Камчиев Медербек Абдисаматович, 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну
  • Аманов Жаркынбек Асанович, 1988-жылы туулган, Бужум айлынын тургуну
  • Абдурахманов Мурзабек Абдыгапарович, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну
  • Абдывахап уулу Султанбек, 2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну
  • Бахридем уулу Өмүрбек 2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну
  • Тажибаев Мооланбекбек Кошумбетович,1990-жылы туулган, Жаңы-Жер айлынынын тургуну
  • Тагайбаев Алижан Жураевич, 1990-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну
  • Жигиталы уулу Дооатбек, 1998-жылы туулган, Кара -Бак айылынын тургуну
  • Исманов Тойчубек, 1958-жылы туулган, Кашка-Жол айылынын тургуну, Кара-Кулжа району
  • Зикиров Шухратбек Умарбекович, 1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын тургуну
  • Арыппай уулу Шумкарбек (Айылы, туулган жери такталып жатат)
  • Асанов Аманидин Жамалидинович, 1972-жылы туулган.
  • Кудайбердиев Махмутжан, 1966-жылы туулган, Интернационал айылынын тургуну.
  • Ражаманов Пахлава, 1931-жылы туулган, Интернационал айылынын тургуну.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.




Жыйынтык: Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам 283 адам курман болду деген маалымат жалган. 1-майда саат 12:00 гө карата жабыркагандардын жалпы саны 163 адамга жетип, 33 адам көз жумган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты