​Тажикстандагы жарандык согушту токтотууда Кыргызстан салым кошкону чын (Фактчекинг)

Социалдык тармактын колдонуучусу: “Кыргыз эли миңдеген тажиктерге боор акчанын унутпайт. Акаевдин апасы каза болгон эле. Ал тажиктер протоколго кол коймоюнча апамды жерге берүүгө мүмкүнчүлүк бербейм” деп туруп алган. Тажиктер ынтымакка келмейинче апасынын тажыясына барган эмес…”, — деген билдирүү калтырган.

Ошондой эле, 1-май күнү Тажикстандын бозгундагы оппозиция лидери Мухиддин Кабири өзүнүн YouTube баракчасына кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча билдирүү жасаган.

Билдирүүдө, 1997-жылы Тажикстанда граждандык согуш курчуп турган мезгилде, Бишкекте меморандум өткөрүлгөндүгү жана экс-президент Аскар Акаев апасынын жаназасына карабай протоколго кол коюлганга чейин күтүп турганы айтылат.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Тажикстандагы жарандык согуш

Тажикстандагы жарандык согуш СССР кулагандан кийин, 1992-жылы башталган. Ошол жылдары Тажик интеллигенциясынын басымдуу бөлүгү жана диний радикалдар канаты бир уюмга биригип, бийликтеги коммунисттик партия менен тиреше баштаган. Бул тирешүү согушка айланып дээрлик 5 жылга созулган.

Каршылашкан эки тарап ички согушту токтотуу үчүн 1994-1997-жылдары Москва, Алматы, Исламабад, Ашхабад, Тегеран шаарларында жолугуп, бийлик бөлүшүүдө бир пикирге келе алышкан эмес. Андан соң 1997-жылы тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр Бишкекте жүргүзүлүп, согушту токтотуу боюнча келишим түзүлгөн.

Тажикстандагы жарандык согушту токтотуудагы Кыргызстандын орду Кыргыз Республикасынын туңгуч пезиденти Аскар Акаев Sputnik.kg маалымат агенттигине берген маегинде Тажикстандагы жарандык согушту токтотууда Кыргызстандын бир топ салымы бар экенин айткан.

Аскар Акаев жаатташкан эки тарапты, Кыргызстанга кабыл алганын жана ошол убакта өлкөдө кыйынчылык болуп турганына карабастан ар тараптуу гуманитардык жардамдар да көрсөтүлүп турганын кошумчалаган.

Ошондой эле, Аскар Акаев 2017-жылы Росссиядагы “Независимая Газетага” берген маегинде Тажикстан меморандумга кол коюу учурунда 97 жаштагы апасы каза болуп калганын, бирок, сүйлөшүүлөрдү жокко чыгара албагандыгын жана апасынын жаназасына туруп эле, кайра тынчтык келишимине кол коюлушун күткөнүн билдирген.


«Ооба, менин апам 97 жаш курагында көз жумган. Бул жолугушууга чоң даярдык иштери жүргүзүлүп, сүйлөшүүлөрдүн өзү оор болгондуктан, мен аларды кийинкиге калтырып, жокко чыгара алган жокмун. Бир күн гана жаназа окууга качып, дароо жумушума кайтып келдим. Албетте, Рахмон дагы, Нури дагы менин көйгөйлөрүм үчүн кызыкдар болгон жок. Бирок мен көп учурда кетүүгө аргасыз болдум, анткени адамдар келип, көңүл айтып, эмне болгонун сурашты. Мен айтышым керек болчу. Алар өздөрүнүн чечкинсиздигинен уялышты жана документке кол коюуга даяр экендиктерин билдиришти», — дейт Аскар Акаев.

Жыйынтык: Аскар Акаев өзү билдиргендей, Тажикстан меморандумга кол коюу учурунда 97 жаштагы апасы каза болуп калганын, бирок, сүйлөшүүлөрдү жокко чыгара албагандыгын жана апасынын жаназасына туруп эле, кайра тынчтык келишимине кол коюлушун күткөнүн билдирген. Демек, Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев апасынын каза болгондугуна карабастын Тажикстанга жардам бергендиги чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты