Сүйүн Өмүрзаков Лейлектин тургундары менен жолугушту

  • 3 года мурун

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 1-майда, чек арадагы чыр-чатактардан улам кырдаал оор болгон Лейлек районундагы Максат, Кулунду жана Интернациональное айылдарынын тургундары менен кезигишти.


Жолугушууга ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын жана чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу учурунда коомдук тартипти сактоо багытындагы бардык маселелер талкууга алынды.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда,каза болгондордун саны 31ге жетти. Кыргыз-тажик чек арасында ар кандай жаракат алган 154 адам — ооруканада. Алардын 23ү — күч структураларынын аскерлери.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты