​Видеодогу окуя Тажикстанда эмес, Иракта тартылган (Фактчекинг)

TikTok социалдык түйүнүндө массалык өлүм тууралуу видео тараган. Колдонуучулар бул видео тажик — кыргыз кагылышуусунда Тажикстанда тартылганын айтышкан.


ПолитКлиника медиасы видеонун качан, кайда тартылгандыгын текшерип көрдү.


Видеодон 50гө жакын курман болгон адамдарды табытка салып көтөрүп бара жатышкандыгын көрүүгө болот.

Алардын өңүнөн фарс тилдүү мусулмандар экендигин байкаса болот.

Жол бойлой ийиндерине табыттарды көтөрүп бара жаткан жарандарды куралчан аскерлер кайтарып турушат. Ал жактан үч түс аралашкан (кызыл, ак, кара) желекти көрүүгө болот.

Желек Тажикстандыкы эмес

Бул видеого тартылып калган желек Тажикстандын желеги эмес. Интернет булактарындагы инструменттерди колдонуп, биздин редакция желек Иракка таандык экенин тапты.

АКШнын аскер формасы

Видеодо жолдо өтүп бараткан элди көзөмөлдөп турган аскерлер АКШнын аскер формасын кийип жүрүшөт.

Азыркы тапта Ирак “Ислам мамлекети” террористтик уюму менен согушуп келе жатат. Анын натыйжасында, Ирактын аймагына АКШнын аскерлери киргизилген.

Жыйынтык: Видеодогу окуя Тажикстанда эмес, Иракта тартылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты