​Кабири: Тажиктер кыргыздардын жакшылыгын унутпашы керек (Видео)

  • 3 года мурун

Тажикстандын оппозициясынын бозгундагы лидери, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады.

Учурда Европада жашап жүргөн саясатчынын билдирүүсү Youtube порталындагы баракчасына жайгаштырылды. Анда Кабири эки өлкөнүн элин ынтымакка чакырып, акыркы жаңжалга бийликтин, саясатчылардын аракетсиздиги себеп болгонун билдирди.

“Кыргыз жана тажик эли кылымдар боюнча жанаша жашап келе жатышат. Тарых, маданият, динибиз бир. Тажик эли, анын ичинде жеке мен, дегеле жарандык согушту башынан өткөргөндөрдүн баары тажиктердин элдешүү сүйлөшүүсү Бишкекте өткөнүн унутпайт. Эң кыйын кырдаалдарда кыргыз эли миңдеген тажиктерге боор ачканын унутпайт. Кыргызстандын ал кездеги президенти Аскар Акаевдин апасы каза болгон учур эле. Ал тажиктер протоколго кол коймойунча апамды жерге берүүгө мүмкүнчүлүк бербейм” деп туруп алган. Тажиктер ынтымакка келмейинче апасынын тажыясына барган эмес. Ал үчүн, кыргыз эли үчүн тажиктердин тынчтык сүйлөшүүсү абдан маанилүү болгон. Биз муну эч качан унутпайбыз жана унутпашыбыз керек” деген.

Тажик саясатчысы Тажикстанда жарандык коом, оппозиция басым алдында калганын, бардык чечимдер президент Эмомали Рахмон баштаган чакан топтун колунда экенин белгилеген. Ошондуктан, кыргыз жарандык коомун биргеликте аракет көрүүгө чакырган.

Кабири Тажикстандагы негизги оппозициячыл күч — Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери. Анын ишмердигине тажик бийлиги тыюу салган. Ал 2015-жылдан бери чет жакта жүрөт. Тажикстандын Жогорку соту аны 2018-жылы узак мөөнөткө эркинен ажыраткан өкүмдү сыртынан чыгарган. Партия ошондой эле тажик бийлиги аларды саясий сахнадан сүрүп чыгарыш үчүн «террордук топ» деп атаганын билдирип келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты