​Коопсуздук кеңеш катчылыгы: Эки кыргызстандык туткунга алынгандыгы боюнча маалымат — фейк

  • 3 года мурун

Социалдык тармактарда Баткен облусунун чек ара аймагындагы акыркы окуялар учурунда тажик аскер кызматкерлери эки кыргызстандыкты колго түшүрдү деген комментарий камтылган видео таркатылууда. Бул — фейк маалымат.


Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеш катчылыгы бул маалыматты расмий түрдө төгүндөйт. Бул видео болжол менен 2017-жылы тартылган жана 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга эч кандай тиешеси жок.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда,

Каза болгондордун саны 31ге жетти. Кыргыз-тажик чек арасында ар кандай жаракат алган 154 адам — ооруканада. Алардын 23ү — күч структураларынын аскерлери.

Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты