​Тажикстан эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, Кыргызстанга согуш аракеттерин жүргүздү

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжал боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 380 — «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

«2004-жылдын 26-майында өнөктөштүк мамилелер жөнүндө эки тараптуу келишимди, ошондой эле тынчтыкта жашоо, достук жана коңшулуктун принциптерин бузуу менен Тажикстандын аскер кызматкерлери биздин мамлекеттин аймагына кол салып, анын суверендүүлүгүн жана бүтүндүгүн бузду. Бул аракеттер алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты» — деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты