​Россия Кыргызстанга аскердик техникаларын жөнөтүп жатат деген маалымат калп (Фактчекинг)

WhatsApp мессенджери аркылуу Россиядан Кыргызстандагы чек ара маселесин чечүү үчүн аскердик танктар жөнөтүлүп жаткандыгы тууралуу малымат тарап жатат. Видеодо, аскер танктары Москва шаарындагы “Мневники” метросунун жанынан өтүп самолеттерго жүктөлөрү жана алар Кыргызстандын желегин тагып алганы айтылган.



ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Россия 9-майдагы парадка даярданып жатат

29-апрель күнү, Москва шаардык мэриясынын расмий сайтында Россия 9-майдагы парадка даярдыгын расмий баштаганы жарыяланган. Ага ылайык, шаардын кыймыл эрежелери жана метронун иштөө убактылары өзгөртүлгөнү жазылган.

Сүрөттө көрүнүп тургандай, аскердик техниканын үстүндөгү желектин түсү кызыл болгону менен Кыргызстандыкы эмес. Ал эми капталындагы сары түз Георгий лентасы.

Мындан сырткары, видеодо айтылган “Мневники” метросунун кээ бир станциялары 9-майга карата бөгөттөлөөрү эскертилген.

Ошону менен катар эле парадга катышып жаткан техникалар “Мневникте” жайгашканы тууралуу маалымат бул жерде жазылган.

Кайсы учурда Кыргызстанга аскердик техникалар берилиши мүмкүн?

Кыргызстан 1992-жылы 15-майда Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишимге кол койгон. Аталган келишимдин 4-беренесинде, өлкөдө чыр-чатак жана согуш чыккан учурда жабыр тарткан тарапка башка өлкөлөр гуманитардык жардам жана аскердик техникаларды жөнөтө алары жазылган. Бирок анын өз жол-жоболору бар.

Ага ылайык, Жамааттык Коопсуздук Келишимге мүчө болгон өлкөлөр, чыр-чатак орун алган мамлекеттерге техникаларды жөнөтүү үчүн, координациялык кеңешме түзүп, расмий түрдө жарыялашы керек. Бирок, Россиянын расмий сайттарында Кыргызстанга аскердик техникалар жөнөтүлөрү тууралуу маалыматтар жарыяланган эмес.

Жыйынтык: Россиядан Кыргызстанга аскердик техникалар келет деген маалымат калп.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты