​Европа Биримдигинин өкүлү: Абалды тынч нукка бурууга кыргыз тараптын салымы өзгөчө

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан менен кыргыз-тажик чек ара чатагы боюнча кырдаалды телефон аркылуу талкуулашты.


Руслан Казакбаев Кыргызстан сүйлөшүү жолу менен абалды турукташтырууга бардык аракетин көрүп, эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерин так аткарып жатканын айтты.

Петер Буриан эки тараптын ок атышпоо тууралуу чечимин кубаттай тургандыгын айтып, абалды тынч нукка бурууга кыргыз тараптын кошкон салымы өзгөчө экенин баса белгиледи.

Ошондой эле атайын өкүл Европа Биримдиги аймактык жана эки тараптуу программалардын негизинде Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты