​Атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын 3 жоокери курман болду

  • 3 года мурун

29 — апрель күнү эгемендүү Кыргызстандын аймагына кол салган тажик аскерлерине каршы күрөштө атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын 3 жоокери кайтыш болду.



Чек ара кызматынын маалыматына караганда, мындан тышкары 22 жоокерибиз ар кандай жаракат алышкан. Алардын экөөнүн абалы оор.

29 – апрелде куралдуу кагылыш башталган күнү Тажикстандын «Ми-24» учагы менен Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө деген жерлерине асмандан ок чыгарышкан.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек ара чатагы 28-апрель күнү тажик тарап Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына өз алдынча видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматынын жана жергиликтүү тургандарынын камераларды алып салуу тууралуу талабына тажик тараптан терс жооп болуп, натыйжада кыргыз жана тажик жарандарынын кайым айтышуусу бири – бирин таш менен ургулоого өткөн.

29 –апрель күнү таңга маал 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүккө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы жактагы жолдон өткөн кыргыз унааларына таш ыргытыла баштаган. Ошол жерде 30 жаштагы кыргыз жаранына ок тийип, ооруканага жеткирилген.

Түштөн кийин абал курчуп, УКМК тараткан маалымат боюнча саат экилерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын көздөй чабуулга өтүп, минамёт, пулемёт, автоматтар менен жапырт аткылоону башташкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты