​Камчыбек Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүүдө

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Ал облустук администрацияда жабык жыйын өткөрүп жатат.


Бул тууралуу «Азаттык» кабарлады.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районундагы Борбордук, Арка,Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркады. Булардын ичинен Көк-Терек айылы толук жабыркап, бардык 17 үй күйүп кетти. Ошондой эле 5 чек ара тозоту жабыркады. Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү, дүкөндөр тонолду.

Лейлек районундагы чек арага жакын айылдардан 13, 5 мин, Баткен районунан 7 мин турган эвакуацияланды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда 30-апрель, таңкы саатка 7ге карата Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн кол салуусунан13 мекендешибиз көз жумду.

Кыргыз-тажик чек ара чатагы 28-апрель күнү тажик тарап Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына өз алдынча видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматынын жана жергиликтүү тургандарынын камераларды алып салуу тууралуу талабына тажик тараптан терс жооп болуп, натыйжада кыргыз жана тажик жарандарынын кайым айтышуусу бири – бирин таш менен ургулоого өткөн.

29 –апрель күнү таңга маал 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүккө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы жактагы жолдон өткөн кыргыз унааларына таш ыргытыла баштаган. Ошол жерде 30 жаштагы кыргыз жаранына ок тийип, ооруканага жеткирилген.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты