ИИМ жарандарды такталбаган маалымат таратуудан алыс болууга чакырды

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлиги кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды таратуудан жана комментарий берүүдөн алыс болууга чакырды.


-Мамлекеттик бийлик кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүдө. Абал чыңалуу бойдон, бирок күч түзүмдөрү тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Учурда бардык кыргызстандыктардан акылмандык менен сабырдуулук талап кылынууда. Эң негизгиси кырдаалды турукташтырып, терс көрүнүштөргө алып келген аракеттерден алыс булушубуз керек. Бардыгыңыздардан такталбаган маалыматтарды таратуудан жана комментарий берүүдөн алыс болууга чакырабыз., -деп билдирди ИИМ.

28 — апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ырбап отуруп, бүгүн куралдуу кармашка өткөн. Кыргыз-тажик чек ара чатагынан 17 адам жабыркап, 1 адам кайтыш болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты