​Чек арадагы айылдардан жарандар көчүрүлүп жатат

  • 3 года мурун

Жалпы коопсуз аймакка көчүрүлгөн элдин саны 848ди түздү. Анын 498 Баткен шаарына, 350 Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматары аларды тамак аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек.

Бүгүн 29-апрелде эрте менен саат 4:40тар чамасында алар Кыргызстандын жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан. Ошондой эле аңчылык мылтыктары менен өтүп бара жаткан кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган.

Андан соң саат 14:00дө Тажикстан ИИМнин чек ара аскерлери жана атайын кызматы (спецназ) “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоону баштаган.

28 — апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ырбап отуруп, бүгүн куралдуу кармашка өткөн. Кыргыз-тажик чек ара чатагынан 17 адам жабыркап, 1 адам кайтыш болду.

Сүрөт: Баткен ИИБ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты