​Депутат Никитенко: Садыр Жапаров Тажикстан Президенти менен токтоосуз сүйлөшүүсү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Президент Садыр Жапаров токтоосуз Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүсү керек экендигин билдирди


-Токтоосуз түрдө Тажикстандын Президенти менен сүйлөшүү керек, жаңжалдын күч алышына жол бербей, муну тез арада, жогорку деңгээлде сүйлөшүү менен чечүү зарыл.

Чек ара аймактарында жашаган тургундарга алардын чыдамдуулугуна, накта мекенчилдигине, эр жүрөктүүлүгүнө колдоомду билдирип, аларды ушул кыйын күндөрдө да чыдамдуулукка чакырам. Президенттер жана генералдар келет-кетет, ал эми коңшулар ар дайым калат эмеспи.

Ошондой эле КР чек ара кызматынын жоокерлерине алардын кайраттуулугуна, кызматына жана Мекен алдындагы антына берилгендиги үчүн ыраазылыгымды билдирем.

Азыркы учурда Тажикстандын чек арасында кырдаал курч, жарадар болгондор да бар, абал кооптуу болуп турат. Биз согуш болуу алдында жакын эле турабыз, согуштун бетин ары кылсын, андайга жол бербейли! Биздин жарандарыбыз жабыркабашы керек, өлкөнү аскер жаңжалына тартууга болбойт!

Бул абалды жөнгө салуунун жалгыз гана жолу — мамлекет башчыларынын деңгээлинде тынч, дипломатиялык диалог керек!

Тараптарды жаңжалга тартпай, чагымчылардын чырагына май тамызбай, объекттердин кай тарапка таандык экени тууралуу ойлонулбаган билдирүүлөрдү айтуудан, мактануудан, өзүн-өзү жарнама кылуудан, курал таптап кылчылдашуудан мурда, дипломатиянын негизинде туруктуу, жан үрөгөн, жар салынбаган ырааттуу иш алып баруу керек.

Бир канча жумадан бери биздин жарандарыбызды уурдап кетүү, кармап калуу, видеокөзөмөл орнотуу, нота жиберүү, фейк маалыматтарды таратуу өңдүү оор процесс жүрүүдө.

“Ата Мекен” саясий партиясынын саясий кеңешинин өткөн жумадагы жыйынында партия лидери Өмүрбек Текебаев мамлекеттик чек ара көйгөйү боюнча билдирүү менен чыкты.

Ал “Бизге чоочун жердин кереги жок, бирок өзүбүздүкүн эч убакта бербейбиз” деген позициясын билдирди.

Мен дайыма чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен, жергиликтүү калктын, жергиликтүү шайлоо органдарынын өкүлдөрүнүн ой-пикирин эске алуу менен чечилиши керек деп айтып келем. Ошону менен бирге өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык кызыкчылыгы эске алынышы керек.

Жер жана суу маселеси абдан оор көйгөй экени баарыбызга белгилүү, бул жаңжалдын чордону да болуп келген, ошондуктан аны чечүүгө кесипкөйлүк, дипломатиялык мамиле жасоо керек.

Тилекке каршы, азыркы бийлик бардык маселеге жеңил кавалерия чабуулундай мамиле жасап жатат, кылыч менен сес көрсөтүп, ак боз атта алчыланып койсо, андан кийин эмне болсо, ошо болсун дегендей мамиле жасоодо.

Азыркы саясат жана турмуш “Чапаев” аттуу ак-кара түс кинодогудан алда канча татаал. Ал узак, бел чечпей эмгектенүүнү талап кылат. Андан дагы Фергана өрөөнү сыяктуу эл жыш отурукташкан аймакта. Фергена өрөөнү — Борбор Азиядагы калк эң жыш жайгашкан аймак. Үч өлкөнүн жалпы калкы анда 15 млн го жакын кишини же үч өлкөнүн калкынын 30% ын түзөт. Анын Кыргызстан тарабында 3,5 миллион киши, Өзбекстан тарабында 9,5 миллион, Тажикстан тарабында 2,5 миллион киши жашайт. Азыр ал аймакта 1 чарчы километр жерде 360 киши жашайт. Салыштыруу үчүн айта кетели: Индияда бир чарчы километрде 357 киши туура келет.

Бул -Фергана өрөөнүндө калктын жыштыгы Өзбекстанды бүтүндөй алганда 6 эсе, Кыргызстандан 12 эсе, Казакстандан 56 эсе жогору дегенди билдирет. Мындай аймакта ар бир чарчы метр жер, ар бир тамчы суу алтынга тете. Ошондуктан аны чечүү да оңой-олтоң иш эмес, мында ойлонулбаган убадаларды бербестен, коңшуларды коркутпастан маселени чечүү керек.

Алдын-алуу иштери эмнеге жүргүзүлгөн жок? Ал эми буга чейин эле жаңжалдын белгилери байкалып, эки тарап ойлонулбаган билдирүүлөрү менен кырдаалды кызытып келишкен.

Бул жаңжалдын алдын-албай, биздин атайын кызматтар эмне кылып жүрдү деген суроо туулат. Же ал кызматтын иши жалаң жарандык активисттерди, блогерлерди, бизнесмендерли куугунтуктоого эле багытталганбы? Мына ушундай кыйын кырдаалда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө дарыланууга кетип калганы кандай? Жоопкерчиликти өз мойнуна алуу убактысы келбедиби?

Наталья Никитенко, Жогорку Кеңештин депутаты.

Сүрөт: Баткен ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты