​Көк — Таш айылынын тургундары мамлекет жетекчилеринин Баткенге келишин талап кылышты

  • 3 года мурун

Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары 29 – апрель күнү өлкө жетекчилигине видео кайрылуу жасашты.

Алар Президент Садыр Жапаровдун, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин, премьер – министр Улукбек Мариповдун Баткенге келишин талап кылышты.

Алар «Силер бүгүн келип, маселени чечишиңер керек. Биздин жерибизди коргоп бергиле!», — дешкен.

УКМК тараткан маалымат боюнча УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна кетти.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты