​Чек ара кызматынын башчысы Баткенге жөнөп кетти

  • 3 года мурун

УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев кыргыз – тажик чек арасындагы күч структураларынын ишин координациялоо, абалга жөнгө салуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.

Бүгүн кечки саат төрттө Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз – тажик чек арасындагы абалды жабык эшик артында талкуулашат.

Эске сала кетсек, кыргыз – тажик чек арасындагы жаңжал 28 — апрель күнү түшкө жуук башталган. Тажикстан жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан чатак башталган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты