​Вакцина тууралуу мифтер. Эмнеге ишенбеш керек?

Коронавирустук вакциналар адамдын ДНКсын өзгөртөт. Эмдөө тукумсуздуктун коркунучун жогорулатат. Ковидден кийинки иммунитет эмдөөдөн кийинкиден да жогору. Бул коронавируска каршы вакциналар тууралуу кеңири жайылган мифтер. ПолитКлиника медиасы бул маалыматтарды тактап көрдү.

Миф №1: мРНК вакциналар адамдын ДНКсын өзгөртөт

ДНК — (дезоксирибонуклеин кислотасы) — бул үч негизги макромолекуланын бири. Ал генетикалык программанын сакталышы жана муундан муунга өтүшү үчүн жооп берет. Экинчи ири макромолекула РНК (рибонуклеин кислотасы), ошондой эле гендерди коддоодо, окууда жана жөнгө салууда маанилүү ролду ойнойт. Мындан тышкары, РНК ДНКнын курулуш пландарын иш жүзүнө ашыруу үчүн жооптуу.

Айрым вирустардын, анын ичинде SARS-CoV-2 вирусунун генетикалык материалы рибонуклеин кислотасы менен көрсөтүлөт.

Вакцинациянын максаты — организмге SARS-CoV-2 вирусунун киришин күтпөстөн, патогенге иммундук жооп кайтаруу. Демек, мРНК вакцинасы организмге анын кичинекей бир бөлүгүн гана берет. Ал жакка келгенден кийин, генетикалык механизм вирустук белокту өндүрүп баштайт жана патогенге жооп кайтаруу үчүн иммундук системаны стимулдайт.

Бирок коронавирустук РНК клетканын ядросуна кире албайт, ошондуктан биздин геномго жетип, аны менен аралашып кете албайт. Денеде антителолор пайда болгондон кийин, клетка патогендин колдонулган РНКсын талкалайт.

Жыйынтык: Калп. COVID-19 вакцинасы адамды генетикалык жактан өзгөртпөйт. ДНК вакциналары вирустун РНКсынын бир бөлүгүн ткандарга сайып, организмдин иммундук реакциясын жандандырат.

Миф №2: Коронавируска каршы эмдөөлөр аялдардын тукумсуздук тобокелдигин жогорулатат

Вакцина бир гана коронавирустун белогуна каршы эмес, ошондой эле плацентадагы синцитин-1ге каршы иммундук реакцияны жаратып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн деген маалымат тараган.

Йена Университеттик ооруканасынын плаценттик лабораториясынын башчысы Удо Маркерттин айтымында коронавирустун белогу менен синтицин-1дин окшоштугу минималдуу: болгону 0,75 пайыз. Синтицин-1 бул адамдын жатынында пайда болгон белок. Коронавирусту жуктурганда, аялдын денесинде эмдөөгө карганда белоктор алда канча көп болот. Ооруну жуктуруп алуу эмдөөгө караганда тукумсуздукка көбүрөөк коркунуч жаратат. 2002-2003-жылдары SARS вирусун жуктуруп алганда, SARS вирусун жуктурган аялдар тукумсуздук коркунучуна кабылышкан эмес жана бул вирустун чукул белогу SARS-CoV-2 менен дээрлик бирдей.

Британдык Төрөт Коому вакциналарынын аялдардын же эркектердин тукум улоосуна таасир этет деп айтууга эч кандай далил же теориялык негиз жок экендигин билдиришкен.

Жыйынтык: Коронавируска каршы вакциналар тукумсуздукка алып келбейт.

Миф №3: Мурунку оорудан кийинки иммунитет вакцинадан кийинки иммунитетке караганда жакшы коргойт

Өнөкөт чарчоо же кан тамыр системасынын жабыркашы, оорудан кийинки эң көп кездешкен белгилер. Бул таасирлер канчага чейин созулаары азырынча белгисиз.

Германиянын Иммунология Коомунун вице-президенти Рейнхольд Фёрстердин айтымында, коронавирусту эмдөөнүн ордуна жуктуруп алууну тандагандар чоң коркунучка туш болушат.

Иммундук система коронавирус менен болгон инфекцияга караганда вакцинаны башкача кабыл алат. «Вакцинация инфекцияга каршы иммунитетти узак мөөнөткө күчтөнтөт. Учурда эмдөөдөн кийин пайда болгон антителолор организмде көпкө сакталат деп айта алабыз»,- деп билдирген вирусолог Кристиан Дростен.

Муну Рейнхольд Фёрстердин илимий изилдөөсүнүн жыйынтыгы тастыктайт. «Вакцинация учурунда пайда болгон антителолордун саны жана сапатын карашыбыз керек. BioNTech / Pfizer вакцинасынын эки дозасынан кийин антителолордун саны дагы, сапаты дагы ооруп айыккандан жогору”,- деп билдирген.

Жыйынтык: Вакцинадан кийин пайда болгон иммунитет ооруп айыкканга караганда күчтүүрөөк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты