​Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын 81 депутат колдоду

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 28 – апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алып, өкмөткө жөнөтүштү.


Коронавирусту уу коргошун менен дарылоону сунуштаган министрдин отставкасына 81 депутат макул, 8 депутат каршы добуш беришти.

Өлкөдөгү соңку эпидемиологиялык абал боюнча маалымат алуу үчүн парламент депутаттары Алымкадыр Бейшеналиевди бир нече ирет чакырышкан. Ал ЖК комитеттеринин 4 жолку чакыруусун кулак сыртынан кетирип, бүгүнкү жалпы жыйынга да келбей койгон.

Президент Садыр Жапаров буга чейинки берген маектеринде Алымкадыр Бейшеналиевди мактап, «депутаттар аны кызматтан алабыз, иштебей жатат деп атышыптыр. Чынында ал жакшы иштеп жатат, менеджерлик сапаты күчтүү. Медицина тармагындагы уурдалган акчаларды ордуна коюп, ошонун эсебинен врачтардын айлыгын көтөрүп жатабыз» — деген.

Эске сала кетсек, 16 –апрелде Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге уюштурган маалымат жыйында түз эфирде уу коргошун ичип, дозасын Садыр Жапаров тууралап берип, 300дөн ашык бейтапка бергенин айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты