​Дастан Бекешов: «Мына, авторитардык режимдин белгиси. Жада калса министрлер парламентти сыйлабай калды»

  • 3 года мурун

Коронавирусту уу коргошун менен дарылоо ыкмасын жар салам деп, коомчулуктун сынына кабылган Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ЖК депутаттары тарабынан отчет берүүгө бир нече ирет чакырылса дагы, парламентке баруудан баш тартууда.

Министрдин мындай мамилесине нааразы болгон ЖК депутаты Дастан Бекешов:

«Ал Президент экөө 24 саат бою иштеп, бошобой жатканын айтыптыр. Балким алар 24 саат резиденцияда отурушкандыр. Бул жакка келип, отчет берсин. Референдум тууралуу мыйзамды өткөрүп берген биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Мына, авторитардык режимдин белгиси. Жада калса министрлер парламентти сыйлабай калды. Керек болсо бул министр айрым депутаттарга чалып, коркутат экен. Мындай болбошу керек» — деп ачууланды.

Ошондой эле Дастан Бекешов азыркы иштеп жаткан Конституцияга ылайык, министрдин ээлеген кызматы боюнча маселе көтөрүп, аны кызматтан кетирүү керектигин айтты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты