Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын шаардык кеңештеги тагдыры бүгүн чечилет
- 3 года мурун
11 — апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо добуш сатып алуу,шайлоо мыйзамдарын бузууга айыпталып, шайлоодон четтетилген Кыргызстан Элдик-Демокартиялык партиясы бүгүн Бишкек шаардык административдик сотунда өз чындыгын издешүүдө.
Эске сала кетсек, Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын талапкерлерин тизмеден четтетүү чечимин 19 –апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алып, 24 — апрелде бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы колдогон.
Экс — мэр Азиз Суракматов сүрөгөн Кыргызстан Элдик — Демократиялык партиясы 11 — апрелдеги шаардык кеңешке болгон шайлоодо шаардыктардын 10,8 пайыз добушуна ээ болуп, 8 мандаттуу болушкан.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү