​“Паспортсуз вакцина алып жаткандар бар”. Вакцинациядан өтүү үчүн паспорт керекпи?

Кечээ, 26-апрель күнү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Европалык иммунизация жумалыгына” арналган маалымат жыйынын өткөргөн. Анда, министр Covid-19га каршы вакцинация тууралуу суроолорго жооп берип жатып, учурда паспортсуз да эмдөөдөн өтүп жаткандар бар экенин айтты.

ПолитКлиника медиасы COVID-19га каршы вакцина алууда паспорт керектелеби, азыркы учурда паспортсуз вакцинациядан өтүп жаткандар барбы изилдеп көрдү.

Бул суроо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда:

Министр жаңылып алды. Бүгүнкү күндө паспортсуз эч бир жерде вакцина алууга уруксат жок. Эмдөөдөн өтүүгө келген ар бир жарандын жанында сөзсүз түрдө паспорт болуусу керек”, — деп билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында берилген маалыматка ылайык, вакцина алуудан мурун жарандар каттоодон өтүшөт. Ал жерден дене табы текшерилип, дарыгер тарабынан жалпы ден соолугуна баа берилет. Вакцина алгандан кийин,

жаран 30 мүнөттөй байкоо бөлмөсүндө көзөмөлдө болушу керек.

.

Жыйынтык: Паспорту жок вакцина алууга болот деген маалымат жалган. Вакцина алууга барган жарандардын сөзсүз түрдө өзү менен кошо паспорту болууга тийиш.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты