Садыр Жапаров: «Азыр жөн гана башталышы. Эч кандай документке кол коюла элек»

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров akipress.kg маалымат агенттигине да маек берип, чек ара маселелери боюнча кененирээк айтып берди.

Акыркы 30 жылдан бери баардыгы жашыруун чечилип келгенин айткан Президент:

«Азыр жөн гана башталышы. Эч кандай документке кол коюла элек. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан ары дагы жүргүзөбүз. Эми жергиликтүү элден дагы комиссиянын курамына кошобуз. Биз мурдагылардын катасын кайталабайлы деп жатабыз. Мурда жергиликтүү эл эмес, жалпы кыргызстандыктар билбей эле, зым тартылып калганда гана билчүбүз», — деди.

Ошондой эле чек ара маселеси боюнча Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындап жаткандарга кайрылып:

«Тынч болгула, силер бүгүн патриот болсоңор, биз бул позицияда 16 жылдан бери бекем турабыз. Мурун чек арага бирөө басып барчу эмес. Ташиев болсо барып жатат. Өзгөнгө барды. Ала-Букага, Баткенге барып, эл менен жолугуп, ар кайсы участоктор боюнча кеңешип жатат. Андан кийин чечип жатабыз. Майдын аягы, июнь айларында бошоп калам. Ошондо түштүктү кыдырып чыгам. Жеринде эл менен жолугам. Анан эл менен кеңешип чечебиз», — деди.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты