​Садыр Жапаров Кыргызстан боюнча кумаркана ачууга сунуш берет

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 26-апрель күнү «Пирамида» телеканалына кенен маек берип, мамлекет жетекчилиги тарабынан кабыл алынган акыркы чечимдер боюнча түшүндүрмө берди.


Анын ичинен Жогорку Кеңештин депутаттары 22-апрелде биринчи окууда кабыл алып берген Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында кумаркана ачуу тууралуу чечимин колдой тургандыгын, керек болсо Кыргызстандын ар аймагында, облус борборлорунда, Бишкек шаарында ачуу керектигин, бул боюнча атайын сунуш киргизээрин да айтты.

«Казинолор 2015-жылга чейин иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойной алчу. Жаш балдар барып күнү-түнү ойногон учурлар болгон. Айрым депутаттар ошону шылтоо кылып, казинолордун ээлерин коркутуп-үркүтүп келген. “Бизге отметка кылгыла, баланча миллион доллар алып келгиле” дешкен, бирок кумаркана ээлери мамлекетке салык төлөп жатканын айтышып, макул болбогондо бир сап мыйзам менен иштөөсүн тыйып салышкан. Мен азыр Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт деп мыйзамга киргизгиле деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат”, — деди Жапаров.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты