​Covid-19га каршы вакцина алган журналисттин баяны

Былтыр ооруканаларда орун жок, кислороддук аппарат жетпей карайлап жаткан июль айында, “Адамзаты, буюрса, эптеп вакцина ойлоп тапканга жетишип, ошол вакцинага оорубай жетип калсак экен” деп тиледим эле. Кудай буюруп, ошол күнгө дагы жеттик. Бирок, вакцинация массалык түрдө болбой, элдин көбү шектенүү менен күтүп турган учуру.


Мен бүгүн вакцина алдым. Бул чечимге кандайча келгенимди, кандай өткөнүн блог жазуу менен айтып берүүнү чечтим.


Өзүм журналистмин, эл менен аралашып көп жүрөм, үч кичинекей балам бар, анын бирөө эмчек эмет.

Кыргызстанда Кытай өндүргөн SinoPharm вакцинасы берилип жатканын, бирок вакцинация адегенде тобокел топторго берилерин окугам. Бизге али жетпейт го деп ойлогом. Бир күнү поликлиникага чалып тактап көрөйүн десем, паспорту менен каалаган жаран келип алса боло турганын айтышты.

Ал күнү мен SinoPharm тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты Cактоо уюмунун сайтындагы жана башка ишенимдүү булактардагы маалыматтардын баарын казып окуп чыктым. Жыйынтыктары жаман эмес экен. Орусиянын Спутник-V вакцинасы экөөнүн статусу дагы бирдей турат.

Бул вакцина менен 2020-жылдан тартып эле башка өлкөлөр, анын ичинде Европанын бир катар өлкөлөрү дагы жарандарын эмдеп жатканын окудум. Баары жакшы жыйынтыктарды берип жатыптыр.

Эң биринчи болуп, сыноолордун бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн Phizer вакцинасын биздин мамлекет сактаганга муздаткычтар жок экенин айтып, алуудан баш тартты.

Ал эми SinoPharm менен Спутник-V бул жагынан машакаты азыраак болуп, биздеги муздаткычтар менен сактоого боло турган үчүн биздин өлкө ушул түрлөрүн алып келди. Азыркы учурда поликлиникаларда ушул эки түрү сайылып жатат. Дагы англиялык AstraZeneca вакцинасынын келери күтүлүүдө.

Ал ортодо коронавирус жуктургандардын саны күнгө көбөйүп, каза болгондордун саны дагы өсүп жатат. Кыргызстанда вирустун бир канча штаммы аныкталды, анын ичинде коркунучтуу британиялык штамм дагы бар экен. Мурдагы толкундарда жаштар жеңил көтөрүп жаткан болсо, мунусунда жаштарда дагы оору өтүп жатканын врачтар айтып жатышат.

Дүйнөнүн башка күчтүү өлкөлөрү дагы үчүнчү толкунда алапайын таппай кыйналып турат. Индияда эмне болуп жатканын көрүп жүрөгүң түшөт. Күнү-түнү сөөктөрүн өрттөп жетишпей жатышат.

Ушундай шартта ооруп кыйналгандан көрө, вакцина алган туура деген чечимди кабыл алдым. Өзүм андан өткөндөн кийин жакын адамдарымды, кесиптештеримди дагы алууга үгүттөйүн деп ойлодум. Паспортум менен №2 поликлиникага келсем, кезек көп экен. 3 сааттай кезек күтүп турдум.

Кытайдын элчилигинде иштеген кытай жарандары дагы көп экен. Биздин аксакалдар, СССРди көрүп калган адамдар Спутник-Vны алууга ашыкканын байкадым. 65 жаштан өйдө жарандарга, же өнөкөт оорулары барларга Спутник-V вакцинасы сайылып жатыптыр, жаштарга болсо SinoPharm.

Ошентип киргенде эле каттого туруп, кан басымыңды, сатурацияңды, дене табыңды өлчөгөндөн кийин эле кенедей болгон бир граммдык шприц менен вакцинаны саят экен. Анын сайылганы деле билинбейт. Мен SinoPharm алдым.

Медицина кызматкерлери негизинен вакцинаны биздин жарандар жеңил эле көтөрүп жатканын, чанда биринин дене табы көтөрүлүп, алсырап, же ийне сайган жерине кызыл бүдүрлөр чыгышы мүмкүн экенин айтты. Мындай учурда аллергияга каршы дары менен парацетомол ичип коюу керектигин эскертип жатышат.

“Бала эмизгендерге болобу?” деп сурасам, медайымдар “Жок, болбойт, үч күн бала эмизбеш керек” деп айтышты. Мен дароо Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун сайтына кирип окусам, бала эмизгендерге дагы, ал тургай тобокел топко кирсе кошбойлууларга дагы вакцина болорун окудум. Ал тургай, ДСУ эмчекти токтотпой эмизе берүү керектигин сунуштаптыр.

Азыр мен өзүмдү кадимкидей эле сезип турам. Мындан кийинки абалымды дагы жазып турам.

Негизи ДСУ вакцинаны тоннелдин артындагы жарык нур катары баалап турат. Биздин мамлекетибиз дагы активдүү түрдө жарандарын вакцинациядан өткөрүшү керек деп ойлойм. Элдин арасындагы ар кандай мифтерди жоготуу үчүн эл башылар, кадырлуу адамдар өзүлөрү башкаларга үлгү көрсөтүшү керек эле.

Биздин мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров менен Премьер-министр вакцина алуудан баш тартканы осол иш болду деп эсептейм, анткени, элди сактоо үчүн алар жол көрсөтүп бериши керек болчу. Бул жагынан алганда КРнын экс-Президенти Роза Отунбаева далайларга үлгү болду.

Дагы 21 күндөн кийин, буюрса, экинчи дозасын алам. Баса, вакцина бекер жүргүзүлүп жатат.

***
Экинчи, үчүнчү күндөрү деле эч кандай өзгөрүү сезген жокмун. Вакцина алган тааныштарым, грипп сыяктуу болуп бир аз чыйрыкканын айтышты, бирок менде андай дагы болгон жок.

Дилбар Алимова, Бишкек

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты