​Кыргызстан элдик демократиялык партиясын шайлоодон четтетүү чечимин Боршайком кубаттады

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык кеңешине болгон 11-апрелдеги шайлоо күнү Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (НДПК) добуш сатып алууга аракет кылды, шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүздү деген кине менен шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин 19-апрель күнү Аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган.


Мындай чечимге макул болбогон НДПК Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. БШК 23-апрель күнү түн бир оокумга чейин отурум өткөрүп, аталган партияны шайлоодон четтетүү тууралуу АШКнын чечими туура деген бүтүмгө келишти. Мындай чечимге Боршайкомдун 11 мүчөсүнүн 9у добуш берди.

Партиянын өкүлү Илим Карыпбеков бул адилетсиз, логикага сыйбаган, туура эмес чечим болгондугун айтып, сөзсүз сотко кайрылып, партиянын жана 15 миңдей шайлоочуларынын укугун коргой турганын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында НДПК партиясынын жүздөн ашык тарапкерлери чогулуп турушту.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты