Кыз бала ата-эненин мүлкүнө тең укуктуу (Лонгрид)

Баяндар

.

Кыз бала ата-эненин мүлкүнө тең укуктуу
Бизде көпчүлүгү "кыз бала ата-энесинин мүлкүнө укугу жок", - деп эсептешет. Мунун кесепетинен аял заты, экономикалык жактан алсыз, көз каранды абалга туш келген учурлар көп кездешет. Анын катарында дыйкан чарба тарабынан берилген үлүш жерге болгон укук дагы оорчундуу маселе.
"Менин айылда 22 сотук жерим бар болчу. Таятам - көзү тирүү кезинде "ошол жерге алма-бак отургузуп, жемишин бала-чакаң менен келип алып турасыңар" деп баарыбызга айтчу", - дейт Гулиза (аты-жөнү өзгөртүлдү).
36 жаштагы Гулиза Ысык-Көл облусунун айылдарынын биринде таята-таенесинин колунда чоңойгон. Союз тарап 1993-1994-жылдары дыйкан чарба тарабынан үлүш жерлер ар бир үй-бүлө мүчөсүнө бөлүнүп бериле баштаганда таятасы чуркап жүрүп, небереси Гулизага 22 сотук жер тилкесин бөлдүрүп алган.

Жер кодексинин 1-беренесине ылайык КРнын ар бир жараны жер үлүшүн алууга укуктуу. Демек, бул мыйзамга ылайык дыйкан чарбадан бөлүнүп берилген үлүш жерине кыз, уул бала экендигине карабастан ээлик кыла алат.

Гулиза турмушка чыккан жылдары таята-таенесинин көзү өтүп, алардын бардык мүлкү тайкесине өтөт. Гулизага турмушка чыкканына он жыл өтсө дагы, тайкеси телефон аркылуу болсо да байланышып абалын сураган эмес.

Ошондой күндөрдүн биринде Гулизага тайжеңеси телефон чалып: "Апаңдын бир документтери туура эмес болуп, ошого сенин паспортуң керек. Паспортуңду сүрөткө тартып салып жиберчи", - деп тынчын ала баштаган.

"Алгач мен буга аябай таң калдым. Айылда менин атыма катталган үлүш жерим бар экендигин билет элем, бирок ага ээлик кылат деп оюма келген эмес".

Алар Гулизага тийиштүү үлүш жерин эбак эле өздөрүнүн үлүшүнө кошуп сатып салышкан экен. Жерди сатып алган адам бир жылдан кийин, "жердин документтерин бүтүрүп бергиле, же акчабызды кайрып бергиле" деп кыйнай баштаганда, алар Гулизадан жерди тайкесине өткөрүп берүүсүн талап кылышкан.
"Айла жок алар менен урушпайын деп нотариус аркылуу жеримди тайкемдин наамына өткөрүп бердим. Мыйзамдуу түрдө төрт ай мурда каттатып бергеним менен, алар эки жыл мурун эле мага тиешелүү үлүш жерди мыйзамсыз сатып жиберишкен".

Ошондой эле, Гулиза тайкесине аябай нааразычылыгын билдирип, жерди сата электе билгенде макулдугун бербей тургандыгын айткан.

"Балдарым чоңойсо таятам айткандай ошол жерге барып алма-бак өстүрүп, түшүмүн алып турмакбыз да" – дейт Гулиза.
"Жалпы мүлктө үлүшү бар жарандын макулдугусуз эч ким үлүш жерди сата албайт"

Бул жалпы мүлктүк үлүш болгондуктан, ошол мүлктө үлүшү бар жарандын макулдугусуз сатуу, бул - мыйзамсыз. Эгерде кыз баланын үлүшүн сурабай туруп сатып жиберген учурда, сатып алып жаткан адам ал адамдын макулдугу жок баары бир мамлекеттик каттоодон өткөрө албайт. Бирок, буга карабай үлүш жердин ээсине айтпай туруп сатып жиберген учурлар көп кездешээрин юрист Талант Солтобеков билдирет.
"КРнын Жер кодексинин 269-беренесине ылайык, жалпы үлүш жер ошол жердеги үлүшү бар адамдардын макулдугу менен сатылат. Мисалы, беш кишинин бирөөсү макулдугун бербесе, анда үлүш жерди сатуу мүмкүн эмес. Үлүш жерди бөлүп да сатууга мыйзам жол бербейт" - дейт Солтобеков.

Тайкеси ал кызга мыйзамга ылайык, жердин базар баасы менен наркын акчалай төлөп бериши керек. Эгерде төлөнүп берилип аткан каражатка да макул болбосо, анда жерди эч ким сата албайт.

"Ал келин жерди тайкесинин наамына өткөрүп бере электе сотко кайрылса болмок. Себеби, сатып алган адам үлүш жерди өзүнүн наамына өткөрүп албай туруп пайдаланып жатса, ал мыйзамсыз болуп эсептелет".
"Турмушка чыккан кыздын үлүш жерин суратпай бериш керек"

Кыргызда турмушка чыккан кыз ата-энесинен үлүш жерин сураган, бул - жат көрүнүш. Ата-энесинен үлүш жерин талашкан учурлар болбой койбойт экиндигин 65 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Райкүл Турсуналиева айтат.
"Турмушка чыгып, өзүнчө үй-бүлө болгон кыздын үлүш жерде эмне тиешеси бар. Ата-энеси кызынын себин, энчисин берип атпайбы. Кыргыздын жазылбаган мыйзамдары бар. Кыз баланын мүлктөгү үлүш жерин талашканын мен туура эмес эле көрөм. Эгерде менин кызым баламдан жер талаша турган болсо, "уят болот, жөн отур" деп эле айтмакмын", - дейт Турсуналиева.

Анткен менен, эскирген көз караштарга, пайдасыз салт санаага байланбастан кыз бала, эркек бала дебестен, үлүш жерди бирдей бөлүп берген ата-энелер да бар.

Айгүль Бабаева, 35 жашта. Үй-бүлөсүндө төрт бир тууган. Алардын ар бирине он бир сотыхтан үлүш жер бөлүнгөн. Айгүлдүн айтымында, ал жерге өрүк отургузушкан. Ар жылы түшүмүн бөлүп алып турушат.
"Үлүш жерди барыбыз бирдей колдонуп келебиз. "Кыздар үлүш жерине ээлик кыла албайт", - деген түшүнүк биздин үй-бүлөдө, бир туугандар арасында болгон да эмес", - дейт Айгүл Бабаева.

"Эже-карындашым турмушка чыкканда үлүш жерин бөлүп беришкен"

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Санжар Эралиев үйдүн кенже баласы. 1994-жылы жерлер менчикке бериле баштаганда, үй-бүлөсүндөгү он бир адамга 14 сотыхтан жер бөлүнгөнүн айтат. Анын ичинде турмушка чыга элек эки кыз бар болчу. Алар турмушка чыкканда ата-энеси үлүш жерин бөлүп берген. Азыркыга чейин иштетип келишет.
"Атам дайыма "Эже-карындашың турмушка чыкканда үлүш жерин өздөрү гана иштетет" – деп айта берип, кулагыбызга сиңип калган. Бир-эки жолу "быйыл колдонбойм" деп чыгышкан. Андай учурда жерди биз колдонуп, түшүмдөн аларга беребиз же акчасын төлөйбүз. Кадимкидей ушул тартипке көнгөнбүз", - дейт ал.

Ата-энесинин көзү өткөндө болгон мүлк Санжардын наамына өткөн. Бирок, шаарга көчүп келгенине байланыштуу өзүнө тиешелүү жерин биротоло карындашына берген.
Аялзатынын жаш кезинде эле экономикалык жактан укугу бузулат

"Кылым Шамы" коомдук фондунун директору Азиза Абдрасулова Үй-бүлөлүк кодексте көп маселелер каралганын бирок, анын чийки жактары да бар экендигине токтолду:

"Аялдын кыз кезинде эле экономикалык жактан укугу бузулат. Мисалы, үлүш жер бир үй-бүлөдөгү кыз балага да, эркек балага да мыйзам жүзүндө бирдей берилгени менен, ал мүлк эркек баланыкы деп эсептешет".

Ошондой эле, кыздар жолдошу менен ажырашып жатканда мүлк бөлүштүрүүдө күйөөсүнүн ата-энесинен калган үй, жер сыяктуу мүлктөрү болсо, анын аялына эч кандай тиешеси жок. Мындан улам ортодогу мүлктү бөлүштүрө келгенде аял, же жолдошунун мүлкүнөн жок, же өзүнүн жер үлүшүнөн жок көчөдө калат.
"Кыздардын үлүш жерин турмушка чыкканда, ошол айыл өкмөтү менен өзү жашаган айыл өкмөтү алмаша тургандай кандайдыр бир жолдору болсо жакшы болмок. Ошондо аялдар мамлекет тарабынан берилген өздөрүнө тиешелүү үлүш жерин каалагандай пайдалана алышмак. Аялдар жолдошу менен ажырашып кеткен учурда да эч кимге көз каранды болбой, үлүш жери менен өз оокатын кыла бермек".

"5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер үлүшү майдаланып сатылбайт"

Бир үй-бүлө мүчөлөрүнө берилген үлүш жер жалпы үлүштүк мүлк болуп саналат. Эгерде ал үй-бүлөдөгү кыз бала башка жерге турмушка чыгып кеткен болсо, бул учурда өзүнө тиешелүү мүлктү бөлүп пайдалануу мыйзам жагынан кыйыныраак экендигин юрист Талант Солтобеков айтат.

"Айыл чарба багытындагы жерлерди бакшаруу жөнүндөгү" мыйзамдын 15-беренесине ылайык, 5 гектардан аз болгон жер үлүшүн өз алдынча участокторго бөлүүгө жана ээликтен ажыратып сатууга жол берилбейт. Ушул мыйзамга ылайык, кыздар турмушка чыкканда үлүш жерин участок кылып бөлүп алууга же сатууга мүмкүн эмес" - дейт юрист.
Стереотиптерден улам аялдар үлүшүнө ээлик кыла албай келет

"Кыргызда аялдардын мүлккө ээлик кылуу боюнча салтка айланган терс стереотиптер, туура эмес көз караштар бар", - дейт "Доор эли" коомдук фондунун жетекчиси Гулжамал Султаналиева.

Анын айтымында, кыз баланын үлүшүн сураганы коомчулукта жат көрүнүш катары кабылданат. Аял-эркектин жер талашып соттошкон учурлары шаарда көбүрөөк. Айыл жергесинде мындай чыр-чатактарга аксакалдар соту кийлигишип, чечип бергенге аракет кылышат. Бирок, мындай көрүнүш айыл жергесинде чанда гана кездешет. Көбүнесе, айыл жергесиндеги аялдар үлүшүн талашпай, "Эл эмне дейт… Туугандар эмне дейт..." деп кала беришет.
"Мисалы, аялы балдары менен кетип калыптыр дешет. Аял эмне алып кетти, үй, жер, мүлк деген маселе таптакыр козголбойт. Мындай маселеде ошол эле аксакалдар соту калыс мамиле жасабаган учурлар кездешет. Бирде, Дөбөлүү айыл өкмөтүнөн үч балалуу орто курактагы эженин күйөөсү каза болуп калып, анын жер үлүшүн кайнилери талашып, күчкө салып жерин алып, сарайын сатам деп чыккан. Ошондо биз айыл өкмөтүнө, айыл депутаттарына кайрылып атып өтүп кеткен адамдын мүлкүн балдарына жаздырып, бөлдүрүп бергенбиз. Мындай учурлар бизде өтө көп", - дейт Гулжамал Султаналиева.

Колунда бар, көз карандысыз инсан дайыма кадыр барктуу

Америкалык изилдөөчү, Эйли Хьюз Кыргызстанда аялдардын жер жана мүлккө болгон укуктары боюнча Баткен, Чүй, Жалал-Абад облустарында изилдөө жүргүзгөн. Ал 56 мамлекетте жер жана ресурстарга болгон укуктар боюнча билим берүүчү веб-долбоорду жетектеген.

Изилдөөчү өлкөдө аялдардын жерге болгон укуктарын колдогон ченемдик укуктук актылар бар экендигине карабастан, иш жүзүндө жерди пайдалануу, бөлүштүрүү жана мураска калтыруу боюнча калыптанган каада-салттар өкүм сүрүп жаткандыгына токтолгон.

Аял ажырашса же жесир калса, жерге ээлик кылуу укугунан ажырайт. Эгерде нике расмий катталбаса, анда аял сотто өз укугун коргой албайт. Аялдардын укуктук маселелерди билбегендигинин дагы бир себеби – билимдин жетишсиздиги.

Ошондой эле Эйли Хьюз, аял өзүнүн үлүш жерин укуктуу түрдө алса, экономикалык жактан күчтүүрөөк болуп, анын артынан үй-бүлөнүн ичинде кадыр баркка ээ болоорун айтат.

"Айыл жеринде аялдар жер жана жаратылыш байлыктары боюнча укуктарын күйөөлөрүнө, аталарына жана бир туугандарына өткөрүп беришет. Ошентип, мыйзамда белгиленген гендердик теңчиликке карабастан, аялдар өз укуктарын толук колдонушпайт. Мындай зыяндуу стереотиптерден, салттардан арылуу зарыл", - дейт Эйли Хьюз.
Заман өзгөргөн сайын адамдын талабы, каалоосу кошо өзгөрөт. Эски көз караштардан, салттан, менталитеттен - кандай атабайлы - жашоого зыян алып келип жаткан болсо кылчактабастан арылуу зарыл. Адамзаттын тарыхында укугун талашып, аны ишке ашыруу үчүн көрөшүп, кармашып жүрүп мыйзамдаштырган учурлар көп. Бул маселеде болсо мамлекет мыйзамдаштырып берген нерсени колдоно албай салтка шылтап, эл эмне дейт деген албетте караңгылык, куру намыс.

Кыргызда "колунда токочу бар бала сүйгүнчүктүү" деген кеп бар. Колуңда бар болсо барктуусуң, жок болсо мусаапыр, көз карандысың. Колуңда жок болсо жакыныңа дагы кадырың жок экени айдан ачык акыйкат. Андыктан кыз балага энчисин берүүгө биринчи кезекте ата-энелери, ага инилери, тайке жээндери кызыктар болуусу замандын талабы.

Автор: Кымбат Турдубекова
Редактор: Дилбар Алимова

Материал Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин аялдар жана кыздарга карата зомбулукту жоюга багытталган "Теңдик нуру" Программасынын колдоосунда даярдалды.

Материалдарда берилген пикирлер Бириккен Улуттар Уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын, алардын программа / долбоорлорунун же өкмөттөрдүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулган белгилөөлөр кайсы бир өлкөнүн территориясынын же аймагынын, же алардын чек-араларынын укуктук статусуна тиешелүү ойду бербейт.