​Бактыгүл Султангазиева Онкология жана гематология улуттук борборунун башчысы болуп дайындалды

Жаңылыктар

Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Бактыгүл Султангазиева Онкология жана гематология улуттук борборунун башчысы болуп дайындалды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев аны бүгүн, 22-апрелде борбордун жамаатына тааныштырды.

Онкология жана гематология улуттук борборунун башчысы мурдагы башчысы Эрнис Тилеков 6 - апрелде өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Фото интернеттен алынды