Аламүдун РИИБ жана прокуратура алдамчы-шылуундардын жазасын береби?

Аламүдун РИИБ жана прокуратура алдамчы-шылуундардын жазасын береби?Мен, Сакыб Кадыр, Пакистан мамлекетинин жараны, Кыргызстанда ишкерлик менен алектенип жүрүп, алдамчы-шылуундардан жабыр тартып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Ички иштер министрлигине Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу акыйкаттык издеп кайрылып олтурам.

Кыргызстанда мен Япониядан алынып келинген жеңил автомашиналарды сатуу менен алектенип келгем. Мындан бир жыл мурун, 2016-жылдын ноябрь-декабрь айларында, оң рулдуу жеңил машиналарга Кыргыз өкмөтү тыюу салат экен дегенден улам, бул ишимди токтотууга бел байлагам. Бирок колумда дагы сатыла элек 15тей жеңил машинам калган. Чүй облусунун Аламүдун районунун Лебединовка айылынан кыргыз жарандарынын жерин ижарага алуу менен, машиналарды сатып түгөтүп аткам. Бул учурда Азиз аттуу кыргызстандык жаран “машинаңдын баарын мен сатып алайын, акчасын четинен бөлүп-бөлүп төлөп турайын” дегенинен макул болуп, сатыла элек жеңил машиналарымды ага бергем. Келишим түзбөстөн, акчаны толугу менен төлөп бүткөндө гана машиналарды Азизге каттаталы деп макулдашканбыз.

Машиналарды алып, Азиз бир нече ай акчаны четинен аз-аздан берип турду. Баш-аягы беш даана жеңил машинанын акчасын төлөп берди. Калган он жеңил машинанын акчасын төлөп бүтө электе, 2-3 ай өткөндөн кийин, Азизге телефон чалсам албай, дайынын таптырбай, Москвага жөнөп кетиптир.

Бул кылмыштуу иш атайын пландалып, коррупциялык схема менен ишке ашырылгандай ой калтырды мага. Анткени шылуун-алдамчы Азиздин аялы Сабина да бул ишке аралашып, айрым машиналарды өзүнө каттатып алыптыр. Бишкек шаарынын Октябрь районунун нотариалдык аймагынын нотариусу Рустам (белгилүү себептер менен фамилиясы ачыкталбады) менен келишип алып, алар кылмыштуу ишке барып, машиналарды өзүнө жана башка жарандарга каттатканын билдим. Баарынан дагы таң каларлыгы ар кайсы учурда алар саткан жеңил машиналардын баары бир гана ушул нотариус Рустам аркылуу күбөлөндүрүлгөн болуп чыкканында.

2017-жылдын 20-сентябрында 10 жеңил машинанын акчасын бербей качып жүргөн Салимов Азизге чара көрүп берүүнү өтүнүп, Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылдым, 27-сентябрда Аламүдүн ИИБинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү С. Т. Камчыбеков тарабынан Салимов Азиздин үстүнөн кылмыш иши козголду. Мен А. Салимовдун айынан болжол менен 50-60 миң АКШ долларына бааланган зыян тартып олтурам. Бул мен үчүн абдан чоң суммадагы акча каражаты!

Бирок Аламүдүн райондук ИИБи тарабынан бул кылмыш иши боюнча тергөө иши талаптагыдай жүргүзүлбөй жатат. Козголгон кылмыш ишин тергөөдөгү көйгөй Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары- А. Араловдун женил машиналарга салынган камакты алып салуу чечиминен улам келип чыгууда. Кептин баары Аламүдун райпрокуратурасы өзү камакка алган машиналарды соттун чечимисиз эле, өзү камактан алып салуу чечимин чыгарып, үчүнчү тарапка чыгарып берип жатканында болууда. Жаңжал ушул жактан башталууда! Автомашиналарга салынган камак санкциясын алып салуу сот аркылуу гана чечилет эмеспи. Соттун кандай чечими чыкса да, аны сот аркылуу кайра карап чыгууга болмок, мына ошондо ар бир тарап өзүнүн таламын талашмак. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатат. Райондук прокурордун орун басары А. Аралов санкция салынган он машинанын бирөөнө камактан чыгаруу чечимин, эки машинага салынган санкцияны жокко чыгаруу чечимин чыгарды.

Мен сатыкка койгон 15 жеңил машинамды кыргызстандыктарга каттатып койгом, бул тууралуу алардын айрымдарынын тил каттары да бар. Ошол камакка алынып, бирок прокуратуранын чечиминен кийин камактан чыгарылган машиналардын бири, “Виндом” маркасындагы жеңил машина (мамлекеттик номери 22-20) И. Габбазов аттуу жаранга тиешелүү, ал жана А. Коваленко аттуу жаран машинасы боюнча арыз менен кайрылса, алардын арыздары дегеле каралбай атат. Габбазовдун машинасы үчүнчү тарапка камактан чыгарылып кетти. Ал эми бардык жеңил машиналар боюнча жабырлануучулар ИИБге чакырылган жок, жабырлануучу деп табылган да жок. Мында үчүнчү тарапка атайылап эле жан тартышканы байкалып турат.

Аламүдүн райондук прокуратурасы козголгон бул кылмыштуу ишке тиешелүү көзөмөл жүргүзбөй жатат. Тескерисинче камакка алынган машиналарды ээсине эмес, тиешеси жок, үчүнчү тарапка чыгарып берүү чечимин чыгарууда. Ошондуктан мен Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине кайрылып, бул ишти көзөмөлгө алууну, менин мүлкүмдү кайтарып берип, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартылышын өтүнөм.

Кылмыш иши ачылган эки ай убакыттан бери Аламүдун райондук ИИБи он бешке чукул машинанын ар бири кайсы учурда берилген, эмне болгон ж.б. тиешелүү фактыларды тактаган жок. Машинанын ээси катары көрсөтүлгөн адамдар ИИБге чакырылган жок, аларды жабырлануучу катары да таанышкан жок. Бир дагы экспертиза жүргүзүлбөдү, коюлган кол тамгалардын чын-төгүнү текшерилип- тастыкталган жок. Ал эми бул кол тамгалардын баарын бир эле нотариус, Бишкектин Октябрь нотариалдык аймагынын нотариусу Рустам (фамилиясы белгилүү себептер менен аталбады) күбөлөндүрүп, анын негизинде машиналар сатылып жатат. Октябрь райондук нотариалдык округунун нотариусу суракка чакырылбады. Эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлгөн жок. Бул иштин башында камакка алынган машиналардын бирин айдап жүргөн бир адамды көчөдөн көрүп, машинамды таанып калдым. Көрсө, ал машинаны милициянын полковниги Азиз Мумузаев айдап жүрүптүр. Ошентип камакта турган машиналарды башка эле, тиешесиз кишилерге, үчүнчү тарапка берип жатышканын билип калдым.

Өздөрүнө катталган машиналары чыгарылып кеткен жарандардын машинасы боюнча 23-ноябрда Аламүдун райондук прокуратура санкция салуу боюнча чечимин өзү жокко чыгарып жатат. 24- ноябрда машина ээлери арыз менен кайрылса, 10 күн ичинде арызды кароо мөөнөтү өтүп кетти, ал арыздар дагы эле каралбай жатат. Ошондуктан бул кылмыш иши атайын эле создуктурулууп жатат деп айтууга болот. Аламүдун райондук прокуратурасы бул ишти жакшылыктуу көзөмөлгө албай келет.

Ошондон улам мен “ПолитКлиника” гезитинин маалыматтык порталына кайрылып, Башкы прокуратурадан, Ички иштер министрлигинен бул кылмыштуу иштин бетин ачууга, эң ириде Аламүдүн райондук прокуратурасы соттук териштирүүсүз эле, машиналарды камакка алуу боюнча өзүнүн чечимин өзү жокко чыгарып, камактагы машиналарды ээсине эмес, үчүнчү тараптарга эле чыгарып кетүүгө шарт түзүп жатканын токтотуп, ал эми Аламүдун райондук ИИБ алдамчы-шылуун Азиз Салимовду жана анын өнөктөштөштөрүн суракка алып жана тергөөдөгү калпыстыктарга жол бербей, бейкүнөө жабыркаган чет өлкөлүк жаран, менин көйгөйүмдү калыс, акыйкат чечип берет деген ишеничтемин. Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү максатында келип, бир шылуундун айынан 50-60 миң АКШ долларына бааланган зыян тартып отурам. Ал эми моралдык жактан жабыркаганымды айтпай эле коеюн. Мен бутуман майыптыгы бар адаммын. Кыргызстан бизнес жасоого коопсуз, чет элдик ишкерлерге ачык өлкө деп эсептеп, биз алыстан ат арытып келгенбиз. Ишти калыс чечип берүүгө сиздерди көмөктөшөт деп ойлойм, Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү орногон мамлекет экенине чындап ынангандай бололу.

Сиздерден зор үмүт менен

Сакыб Кадыр,

Пакистан жараны.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты