Жогорку сотто жаңы башчылар

Жаңылыктар

Кыргызстандын Жогорку сотунда 22-апрель күнү судьялардын жалпы жыйыны өтүп, анда Жогорку Соттун төарагасы жана анын орун басары шайланды.

Судьялар бир добуштан Жогорку Соттун төрайымдыгына мурда орун басарлык кызматты аркалап келген Нүргүл Бакированы шайлашты. Ал эми Жогорку соттун төрайымынын орун басары кызматына Качыке Эсенканов шайланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.