Медиасын: ​Коомдук телеканалдагы уу коргошун «жарнамасы»

Кыргызстанда «уу коргошун», «Ысык-Көл тамыры» же «аконит» деп аталган уулуу өсүмдүктүн тундурмасы менен COVID-19 вирусунан дарылоо жөнүндөгү маалымат өлкөдө гана эмес чет жактарга да тарап, ага карата коомдо сын пикирлер айтылып, сүрөт-видеолор аркылуу терс көз карашын билдиргендер арбын болууда. Анткен менен, өлкөдөгү эң ири телеканал уулуу өсүмдүктүн тундурмасы жөнүндө 11 мүнөттүк позитивдүү материалды эфирден көрсөттү.

Тундурма баяны

КР Президенти Садыр Жапаров COVID-19 вирусунан айыктырууга ыкма табылганы, уу коргошундан тундурма даярдалып, дарылоодо колдонулуп жатканы жөнүндө өзүнүн соцтармактардагы расмий баракчаларына 15-апрелде жарыялаган. О.э. бир нече адам аппараттан кандайдыр бир суюктукту бөтөлкөлөргө куюп жаткан видео да тараган.

Эртеси күнү, 16-апрелде, КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда уу коргошундун тундурмасын ичип, тундурма Улуттук госпиталда жана Токмоктогу жугуштуу илдеттер ооруканаларында дарыланып жаткан 300дөн ашуун бейтапка берилгенин, натыйжасы дурус экенин айткан.

Бирок, Садыр Жапаровдун уу коргошун жөнүндө жазгандары «Фейсбук» компаниясы тарабынан өчүрүлдү. «Фейсбук» компаниясынын басма сөз катчысы: «… биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдиргенин Азаттык медиасы маалымдады.

Министрдин жоругу коомдук сын пикирге кабылды

«ПолитКлиника» медиасы Кыргызстанда коронавирустан дарылоого колдонулуп жаткан бул өсүмдүк дары жасоого болбой турган уулуу заттардын сап башында турарын жазып чыкты.

О.э. министр Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан “Дары-дармек каражаттары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамдар бузулганын, уу коргошунду жашыруун жана клиникалык изилдөөлөрү жок колдонгону үчүн министр “Шалаакылык”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Чындыкка дал келбеген маалыматты коомчулукка” таратуу беренелери менен жазага тартылышы ыктымалдыгы жөнүндө адистердин пикирин жарыялады.

Журналист Лейла Саралаева болсо, өзүнүн «Скрытый смысл» долбоорунда Президент менен министрдин уу коргошунду мурдатан пайдаланган «жагдайы» жөнүндө баяндап өттү. Бирок, автордун өзүнүн сөзү менен гана.

Жарандык активист Умай Арыкова министр Алымкадыр Бейшеналиевдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага арыз жазды. Арыз каралып жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 19-апрелдеги отурумунда министр Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү.

Социалдык медиада уу коргошун боюнча сын пикирлер айтылып, айрымдары мем-сүрөттөрдү таратышууда.

Айрымдар видеолор аркылуу пикир билдирүүдө.

Уу коргошун окуясын чет элдик блогерлер да шакаба кылышууда.

Коомдук каналдын чуулгандуу эксперти

Коомчулукта күмөн жараткан тундурма жөнүндө каршы пикирлер арбын болуп жатканда,17-апрелде, Кыргызстандагы ири коомдук телерадиокомпания (КТРК) коронавирустан дарылоого уу коргошунду пайдалануу жөнүндө 11 мүнөттүк сюжет көрсөттү.

Сюжеттин баш жагында президент Садыр Жапаровдун кызыл зонада коронавирустан дарыланып жаткандардын абалы, ооруканадагы шарт-жагдайлар менен таанышып, дарыгерлер менен жолугушканы, о.э. медицина кызматкерлеринин айлык акылары, вакцина жөнүндө баяндалган.

Сюжеттин 4-мүнөт 16-секундасынан баштап Бейшеналиевдин брифинги, министрдинтундурманы көпчүлүктүн алдында ичкени ж.б. көрсөтүлдү.

4:45те элдик дарыгер Ажарбүбү Жумабаева көп жылдар бою Ысык-Көл тамыры менен бейтаптарды дарылап келгенин, тундурманын даярдалышы, кантип ичиле турганы жөнүндө эксперт катары айтып берди.

6:28де тарыхчы Кыяс Молдокасымов адамдар бул тамырды аз өлчөмдө дары катары пайдаланып келгенин, элдик дарыгерлер анын өлчөмүн билээрин, туура эмес пайдалануудан адам өлүмгө дуушар болушу ыктымалдыгын белгиледи.

7:00дө табып аталган Хашим Зайналиев бул тамыр оор илдеттерге жардам берген учурлар болгонун, аны ата-бабаларыбыз пайдаланып келгенин, туура эмес пайдаланса ууланып же өлүп калуу коркунучу бар экенин, тундурманы ысыгында гана ичүү зарылдыгын тажрыйбалуу эксперт катары айтып берди.

Сюжетте 9:58ге чейин тундурма жөнүндө кеңири сөз болду. 11 мүнөттүк сюжеттин тең жарымынан көбү тундурманы «жарнамалоого» арналды. Бейтаптар жана алардын жакындары уу коргошундун пайдасын гана көрүп жатышканын баса белгилешти.

КТРК медициналык билими бар окумуштуу-илимпоздорду эмес, ишмердигине тыюу салынган чуулгандуу табыпты эксперт катары көрсөттү. Хашим Зайналиев оор дартка чалдыккан адамдарды табыпчылык менен дарылоодо алардын арасынан каза болуп калгандар болгон.2018-жылы Зайналиев «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси менен эки айга камалып, кийин да ага карата кылмыш иштери боюнча бир нече соттук териштирүүлөр болгон.

Тундурманы клиникалык изилдөөсүз бейтаптарга берүү кооптуу жана мыйзамсыз экенин айтып жаткан медициналык адистердин пикирлери көз жаздымда калтырылып, сюжетте бир тараптуулукка жол берилген.

КТРК кандай мыйзамдарды жана эрежелерди бузду?

«Журналисттик кесипти коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын 7-беренеси: “Кесиптик ишин жүзөгө ашырууда журналист Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык келишимдеринин талаптарын сактоого; даярдалган материалдардын жана билдирүүлөрдүн ынанымдуулугун текшерүүгө, ошондой эле калыс маалымат берүүгө милдеттүү”.

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 20-беренеси: “Журналист келип түшкөн материалдарга байланыштуу фактыларды жана жагдайларды текшерүүдө адистерге кайрылууга милдеттүү”.

КТРК бул сюжетте Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинин бир катар нормаларын да аткарган жок.

7). Журналист жарнама материалдарды даярдабашы же даярдоого катышпашы кажет…

8). Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоп-түзөөгө милдеттүү.

10). Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

17). Каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.

Гүлзат Газиева

Бул материал Кыргызстандагы USAID жана FHI360 уюмдары каржылап жаткан Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосу менен жасалды. Бул жерде көрсөтүлгөн пикирлер Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты