​Кыргыз медицинасын дүйнөгө уят кылды! Депутаттар министрге ишеним көргөзбөө чечимин кабыл алышты

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 19-апрелдеги күн тартибиндеги баардык маселелерди алып салып, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты.

Мындай сунушту берген депутат Жанар Акаев:

«Мен министр Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алууга чакырам. Ал өзүнүн акыркы аракеттери менен кыргыз медицинасын дүйнөгө уят кылды. Премьер-министрге аны кызматтан алуу сунушун беришибиз керек. Ордуна компетенттүү бирөө келсин» — деди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты