​Мурда ооругандар да кайрадан коронавирус илдетине чалдыгууда

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус менен былтыр ооруп айыккандар дагы кайрадан жугузуп, быйылкысы оор мүнөздө өтүп жатканын кабарлады.

«Каза болгондор да күндөн-күнгө өсүп жатат. Былтыркыдай карантин киргизе албайбыз. Аны экономика көтөрө албайт. Азыр эмдөө жүрүп жатат» — дейт министр. Акыркы март жана апрель айында Кыргызстанда бул илдет кайрадан күч алып, ооруга чалдыккандардын, анын арасында медицина кызматкерлеринин дагы саны күн сайын өсүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты