​Абдрахман Маматалиев: «Аттестация учурунда кайсы бир акимдин маселесин оң жагына чеч деп жогорку кызматтагы чиновниктер телефон чалган»

  • 3 года мурун

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдрахман Маматалиев аттестациядан өтпөй калган аким, акимдин орун басарларынын жогорку кызматтагы колдоочулары өзүнө карата каралоо ишин баштаганын айтып, УКМК төрагасына кайрылды.

«Президенттин жаңы кадр саясатына байланышкан буйругуна ылайык Кыргызстандын бардык район акимдери жана алардын орун басарлары аттестациядан өтүшкөн. Натыйжада 120 чиновниктин 36сы өтпөй калышкан. Акыркы күндөрү социалдык түйүндөр жана ЖМК аркылуу мага карата кимдир бирөөлөрдөн акча алгандыгым тууралуу ар кандай каралоолор күч алды. Аттестация маалында тиги же бул акимди, акимдин орун басарларынын маселесин оң жагына чечип бер деген жогорку кызматтагы чиновниктер болгон. Менин дарегиме айтылган мындай каралоолор, жалган жалаалар ким тарабынан айтылып жатканын аныктап берүүңүздү суранам»деп Абдрахман Маматалиев Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты