АКШ Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү кылмыштуу мүлкүн камакка алып, кыргыз элине кайтаруу аракеттерин уланта берет

  • 3 года мурун

Америка Кошмо Штаттары Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бошотулушу боюнча билдирүү жасады.

Бул окуя АКШнын көңүлүн калтырганын жашырышкан эмес. 700 миллион долларды адалдап, коррупциялык схемаларга катышкандыгы үчүн АКШ Райымбек Матраимов жана анын бир катар үй бүлө мүчөлөрүн «Магнитский тизмесине» киргизип, АКШ аймагына кирүүсүнө тыюу салган.

АКШ дагы деле алардын үй бүлөсүнө таандык банктык эсептерди, активдерди тоңдуруу менен аларды кыргыз өлкөсүнө кайтарууга аракет кылат.

«Кыргызстандын укук коргоо органдары менен АКШнын ортосундагы уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы биргелешкен кызматташтыгыбыз дагы деле уланат. Ошондой эле АКШ Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү кылмыштуу мүлкүн камакка алып, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин уланта берет. Биз Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдары менен биргеликте анын камакка алынышы ыктымал болгон мүлкүн жана каржылык кызыкчылыктарын аныктоо боюнча иштеп жатабыз” — деп айтылат АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыгарылган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу УКМК тарабынан кармалган. Матраимов буга чейин да кармалып, сот аны айыппулга жыккан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, 14-февралда Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

УКМК 15-февралда Райымбек Матраимовдун чет мамлекеттерде кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги аныкталса, тергөө иштери улантыларын маалымдаган болчу.

Аталган мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген эле.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Cүрөт: Интернетбулактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты