​Быйыл мектептерде мамлекеттик сынактар болбойт

  • 3 года мурун

Билим берүү министрлигинин Мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн быйыл мамлекеттик сынактар болбой турганын билдирди.

Окуучулардын жетишкендиктери кандайча бааланарын Марат Усеналиев айтып берди.

«Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо тууралуу убактылуу жобого ылайык, ар бир мектепте, ар бир сабак боюнча предметтик комиссиялар түзүлөт. Класс жетекчиси жана предметтик мугалими ар бир окуучунун жетишкендиктери боюнча маалыматтарды чогултуп, комиссияга берет. Алар окуучунун ар бир чейректеги бааларын, лабораториялык иштерин, олимпиадага катышканын эске алып, мамлекеттик сынактын баасын чыгарышат» — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты