​Коронавирусту 2-3 күндө айыктырган ыкманы врачтар ойлоп таптыбы же Президентпи?

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 15-апрель күнү социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасы аркылуу «Ысык-Көл тамыры» же эл арасында уу коргошун деген ат менен таанымал чөптүн пайдасы тууралуу жазып, аны жасап жаткандардын видеосун кошо жарыялаган.

Садыр Жапаров ошондой эле COVID-19 илдетинин үчүнчү толкунуна карата ооруканалардын даярдыгын текшерип жүрүп, кыргыз дарыгерлери коронавирусту 2-3 күндө айыктыра ала турган ыкма табышканын айткан.

Президенттин мындай билдирүүлөрү коомчулукта ар кандай кабыл алынып, уу коргошун адам өмүрү үчүн өтө кооптуу экенин, аны колдонуунун эрежелерин билбеген адам ичип алса, бөөдө өлүмгө учураарын айтып чыккандар көп болду.

Былтыр пандемия күчөп турган жай айында абакта жаткан Садыр Жапаров уу коргошун менен коронавирустан айыкса боло турганын, өзү да ошол ыкма менен айыкканын айтып, ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты