​Тенти Орокчиев алтын казынага чоң эмгек калтырды

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, акын, котормочу жана ардагер радиожурналист Тенти Орокчу уулу 83 жашка караган курагында 14-апрелде дүйнө салды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги ардагер журналист Тенти Орокчиевдин эмгек жолуна токтолду.

Тенти Орокчу уулу Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда туулган.

1963-жылы Пржевальск педагогикалык институтун аяктаган. 1963–1965-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жылдары «Мугалимдер газетасында», 1969–1973-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясында (КСЭ) илимий редактор, 1973 –2002-жылга чейин, Кыргыз Республикасынын телерадио комитетинде иштеген.

Тенти Орокчу уулунун 1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» аралыгындагы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Чыгармачылыктан тышкары казак жазуучусу А.Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» повестин жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен кыргыз тилине которгон.

1991-жылы радио журналист Тенти Орокчу уулунун кыргыздын белдүү акын, жазуучулары менен өткөргөн радио маектери өзүнчө том болуп жарыкка чыккан.

Анын кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радио очерктер, радио композициялар, радио эсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радио маектери болуп 3500гө жакын уктуруулар даярдалган. Алардын 200 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин Алтын казынасына сакталып турат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты