ИИМ министринин отставкасын талап кылган жарандык активисттерге чагымчылдык уюштурулду

  • 3 года мурун

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин ИИМ министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылган 100 гө жакын жарандык активисттер кайрадан митингге чыгышып, жүрүш уюштурушмак.

Бирок кайдан-жайдан пайда болгон 50гө жакын белгисиз адамдар, ИИМдин ардагерлерибиз деген топ активисттердин бул жүрүшүн үзгүлтүккө учуратышты. «Бейөкмөт уюмдардын кереги жок» деген кыйкырыктары менен чогулган активисттерди кубалап, Улан Үсөйүн, Рита Карасартова сыяктуу жарандык активисттердин сүрөтттөрү бар плакаттарды өрттөштү.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт киши кармалды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сын-дооматты күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек ШИИБнин башчысы Бакыт Матмусаев орун басарлары менен, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Казакеев жана башка 12 жетекчи кызматтан алынган. 32 кызматкерге түрдүү тартип жазалары берилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты