Илияз Иманбетов мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп Илияз Иманбетов дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөт башчынын башка буйругуна ылайык. Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Иманбетов бул кызматка дайындалганга чейин мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген. Салык чөйрөсүндө 20 жылдан ашык иштеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты