Исмаил ИСАКОВ: Чек ара комиссиясынын Ташкент протоколун жокко чыгаруу керек (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө кыргыз-өзбек чек ара маселеси, Ташкентте кол коюлган протокол тууралуу сөз козгойбуз.

Студияда мейманда мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы ИСМАИЛ ИСАКОВ болду.

Ташкенттеги протоколго кол коюлуп келгенден кийин, мен аны кунт коюп угуп, материалдардын баарын окуп чыккандан кийин бул инилерибиз бир топ маселелерди карабай, фактыларды аргумент келтирбей, кол койгондору мени кыйла өкүнттү да, өзүмдүн ой-пикиримди жазып чыкканым дагы ошондон болду.

Себеп дегенде, биринчиден, мындан мурун эч ким, жетекчилер эч кандай иш кылбаптыр, биз барып бүтүрүп койдук деген сөзү, анан “суу сактагычтарды беребиз, жерди алмашабыз, мен мынча деп сурадым, алар мынча деди, мен жок, андай болбойт, мындай болот” дедим деп базардагыдай айтылганы ошондой жетекчилерге кадыр-барк алып келбейт.

Чек ара боюнча айтып кетсек, чек араны булар бир тараптуу делимитация иши эмес, демаркация ишин бүтүрүп коюшкан. Делимитация бул кагазда бүтүрүш керек, баары макул болгондон кийин гана, жерлерге мамыларды коюп, траншея казып, зым менен тартканга мүмкүн. Анысын жасабай эле, бир тараптуу 90-жылдардын башынан тартып эле, биздин анча-мынча жерлерди кошуп, чогултуп, анан жанагыларды тартып, баарын эле бүтүрүп алышкан. Бир-эки-үч эле маселе калган. Аны атайын коюп койгон, себеби дегенде алардын көз арткан жерлери ошол жер болгон, кийин карайбыз деген.

Кыргызстандын жетекчилери, албетте, мурун дагы иштерди алып барышкан, жакшы эле алып барышкан, бирок кемчиликтер кеткен, кээ бир жерде өзүбүздүн кызыкчылыкты коргой албай, аргументти келтире албай, ушул кейипке келип калганбыз. Бирок жылыш болгон.

Мына ошонун негизинде үч айдын ичинде эле ишти бүтүрүп койгонбуз, мына бул жерлерди алмашабыз дегенде мен өзүмчө таң калдым, -деди Исаков.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:


Чек ара комиссиясынын төрагасы, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин пресс-конференциядагы айткандары шилтемеде.

Исмаил Исаковдун билдирүүсү бул шилтемеде.

Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты