​Фактчекинг: Протоколдор менен автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыгы ар башка. Кайсыга ишенебиз?

11-апрелде болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди шайлоо жана референдум боюнча “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Facebook социалдык баракчасына партиянын шайлоо жыйынтыктарын кабыл албай тургандыгын билдирди. Анда Автоматтык эсептөө системасы менен БШКнын протоколдору (колдо эсептөө) дал келбей калган фактыларды жарыялады.

Кара-Суу районундагы 5231 шайлоо участкасы

Электондук эсептөө жыйынтыгында жараксыз бюллттендердин саны — 61 , “Макул” добуш бергендер — 565

Ал эми протоколдо берилген маалымат башкача. Ага ылайык жараксыз бюллеттендердин саны — 0

“Макул” добуш бергендер — 585

Жыйынтык: “макул” добуштар 20га көп;

Жараксыз бюллеттендер жок


















Кара-Суу району, УИК 5445:

Электрондук эсептөөнүн жыйынтыгында “Макул” добуш бергендердин саны — 401.

Протоколдо көрсөтүлгөн маалыматта “Макул” добуш бергендер — 431

Жыйынтык: 30 добушка көп




















Кара-Суу району, УИК 5253:

Автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыгындагы чекте “Макул”добуштар — 236, “Каршы” добуштар — 9ду түзгөн.

А бирок протокол түзүлгөндө башка сандар жазылган: “Макул”добуштар — 245, “Каршы” – 19

Жыйынтык: “макул” 9га, “каршы” добуштар 10го көп

















Кара-Суу району, УИК 5184:

Автоматтык эсептөөчү урнанын чыгарган чекте “Макул” добуштардын саны 383 болсо,

“Каршы” добуштардын саны 16ны түзгөн.

Ал эми протокого “Макул” добуштар — 399, “Каршы” добуш — 0 деп жазылган

Жыйынтык: “макул” добуштар 16га көп болсо, “каршы” жок





















Аксы району:

Автоматтык эсептөөчү урна көрсөткөн маалыматта “Макул”- 99 добуш, “Каршы”- 24 добуш алынган.

Ал эми протокол боюнча “Макул”- 123, “Каршы”- 1 деген жыйынтыкты көрүүгө болот.

Жыйынтык: “макул” 24 добушка көп, “каршы” 23кө аз.























Кара-Суу району, УИК 5207:

Автоматтык эсептөөчү урна “Макул” добуштун санын 478 жана “Каршы” добуштун санын 26 деп көрсөткөн.

Протокол түзүү учурунуда башка сандар жазылган. Алсак “Макул”- 504, “Каршы”- 40

Жыйынтык: “макул” 26 добушка көп, “каршы” 14кө көп


















Кара-Суу району, УИК 5203:

Автоматтык эсептөөчү урнанын эсептөөсү боюнча “Макул”добуштун саны 478, “Каршы” добуштун саны- 15. Жараксыз бюллеттендер — 5

Протоколдо көрсөтүлгөн маалыматта “Макул” — 590, “Каршы”- 15, Жараксыз бюллеттен – 2

Жыйынтык: “макул” 3 добушка көп, жараксыз бюллеттендер 3кө аз.



















Мыйзамда кандай каралат?

Кыргыз Республикасынын баш прокурору бекиткен “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо” аттуу мыйзамдын 35-беренесинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол катуу отчеттуулуктун документи болуп саналары жана анын корголуу формасы жана даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталары жазылат.

Протокол участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуштар саналып бүткөндөн соң түзүлөт.

Ушул эле мыйзамдын 36-бернесинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан аныктоонун тартиби жазылган. Анда төмөнкүлөр камтылат

  • Шайлоо бюллетендерин берүүгө жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди кайра санап, төмөнкү оң бурчун кесүү менен жокко чыгарышат.
  • Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда катышкан бардык адамдарды участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көзөмөлүндө турган бюллетендер менен визуалдык таанышууга чакырат.
  • Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол шайлоо комиссиялары тарабынан эки нускада түзүлөт жана ага катышкан шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коет.

Бирок мыйзамда автоматтык эсептөөчү урна менен протоколдун жыйынтыгы дал келбей калса кандай чаралар көрүлөрү тууралуу мыйзамда каралган эмес.

Олуттуу катачылыктарга чара көрүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-катчысына байланышканыбызда ал буларга токтолду: «Автоматтык эсептөөлөрдүн жыйынтыгы туура деп эсептелинет. Автоматтык урналар туура, так көрсөтүшөт. Колдо саноодо адамдык факторлордон улам жаңылыштыктар болуусу мүмкүн. Азыркы учурда бул фактыларга байланыштуу пресс-релиз даярдалып жатат. Ошондуктан биздин сайт протоклдордун жыйынтыгын чыгара элек. Себеби алар текшерилип жатат. Эгерде олуттуу катачылыктар болсо сөзсүз түрдө чара көрүлөт»,- деп билдирди.

Жыйынтык: БШКнын билдиргени боюнча протоколдор ката болгону чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты