​Коронавирустун үчүнчү толкуну май айынын акырында башталат

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну май айынын аягы, июнь айынын башына туура келээрин айтты.

«COVID-19га каршы антитела 8айдан 1 жылга чейин сакталат. Элдин басымдуу бөлүгү июнь-июль айларында оорушкан. Демек, оорунун күчөгөн маалы май айынын акырына туура келет деп болжолдоп жатабыз. Мурдагы каталар кайталанбашы үчүн бардык ооруканаларда дарылардын жана коргонуучу каражаттардын 2-3 айылык запасы камдалган»- дейт министр.

14-апрелге карата бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 240 адамды түздү.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты