​УКМК мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелген эки адамды кармады

  • 3 года мурун

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары эки адамды кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандардын аты- жөнү. М.К. жана М. Т. аттуу кыргызстандыктар. Ал эми 24 kg агенттиги шектелгендердин бири белгилүү политолог Марат Казакпаев экенин өздүк булактарынын маалыматына таянып жазды.

Кармалгандарга кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси, мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча шектүү катары айып тагылууда.

УКМК алардын аракеттерине далилдер бар экенин, материалдардын жашыруун экендигине байланыштуу толук маалыматтар иликтөөнүн жыйынтыгында айтыларын кошумчалады.

Мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси менен 10 жыл эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты