​Текебаев: Прокуратура айыптоочу гана эмес, мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн орган болсун

Бишкектин Биринчи май райондук соту «АтаМекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебавдин жана өзгөчө кырдаалдар экс-министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларды толугу менен актоо тууралуу өкүм чыгаргандан кийин Өмүрбек Текебаев журналисттерге окуяны комментарийледи.

—Биздин ишибиз 2017 -жылдан бери бүтпөгөн марафон болду. Так ушул сот, ушул жерде, 2019-жылдын 1-сентябрынан бери ушул ишти карайт. Бул иштин созулушу ар кандай саясий жагдайлар менен байланышып келди. Прокурорлор бүгүн айып коюудан баш тартты.

Мен үчүн, чынын айтсам, бул чечим күтүүсүз болду. Үч прокурор окшошуп, эгиз козулардай, биринин артынан бири залга киргенде эле жаман көзү менен карашты. Бирок алар угузуудан баш тартышты, анткени далилдер жок деп айтты. Биз баарыбыз көнгөнбүз, прокурор камайсың деп гана тура берет. Прокуратуранын маңызы бул репрессиялык болуп калган, ошол адаттан кете албай жүргөн.

Бүгүнкү прокурорлордун иши, менин оюмча, жаңы башкы прокурор Зулушевдин, прокуратуранын мүнөзүн өзгөртүүгө болгон аракети го деп ойлойм. Зулушев прокуратуранын ичинен чыккан адам эмес,ал мурда сот болуп иштеп жүргөн, депутат болуп жүргөн, өзү табиятынан күтүүсүз кадамдарды жасаганга жөндөмдүү адам, убагында билесиңер Ташиевдерди Зулушев актап жиберген.

Менин ишим жалгыз эле ушуну менен бүтүп калбастан, башка кишилерге да сотто прокуратура айыпталган адамдын күнөөсү далилденбесе, сотту күтпөй эле далилденген жок деп чыккандай болсо, тергөө учурунда мыйзам мыйзам бузулганын мойнуна алса, бул айыптоочу, репрессиялык гана орган эмес, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн күрөшө турган орган катары өзүн көрсөтсө жакшы болот эле.

Президент сот ишине аралашпаганы абдан туура, бул ушундай болушу керек, мен ойлойм, бүгүнкү бийлик менин ишимде эле эмес, башка кишилердин ишинде да адилеттүүлүк позицияны карманат деп.

Мындай окуя жомоктогудай болуп, мени менен, биз менен эле токтоп калбай, ар дайым күнөөсүз адамдар соттон акталып чыккандай болуш керек.

Бүгүн, 13-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебавдин жана өзгөчө кырдаалдар экс-министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларды толугу менен актоо тууралуу өкүм чыгарды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты