​Кытайда өндүрүлгөн вакциналардын эффективдүүлүгү башка вакциналарга караганда төмөнүрөөк экени чын (Фактчекинг)

10-апрель күнү, “Associated Press” маалымат агенттиги “Кытай өздөрү чыгарган вакциналарынын эффективсиз экенин айтты” деген маалыматты жарыялаган.

Анда, Кытай Эл Республикасынын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Гао Фу, учурда колдонулуп жаткан кытай вакциналары коронавируска каршы төмөн коргоону камсыз кылгандыктан, имундаштыруу процесинде Батыштын Pfizer жана Moderna сыяктуу вакциналары менен айкалыштырып колдонууну сунуштаган деп айтылат.

Гао Фунун бул билдирүүсү дүйнөлүк медиаларда талкууга алынып, бир катар сын-пикирлер айтылган. Бирок, кийинчерээк Гао Фу Кытайдын Guancha.cn маалымат агенттигине вакцина тууралуу айткан сөздөрү бурмаланып берилгенин билдирген.

ПолитКлиника медиасы Кытай вакциналары жөнүндө изилдеп көрдү.

Кытайдын 3 лидер вакцинасынын эффективдүүлүгү 80% дан төмөн

Коронавирус илдетине каршы, дүйнө жүзүндө анын ичинде Кытай Эл Республикасында да бир канча вакцина иштелип чыккан. Алардын ичинен, Sinopharm, Sinovac жана CanSino аттуу 3 вакцина эффективдүү деп эсептелип, Кытайдын өзүндө аталган вакциналар менен 35 миллиондон ашуун адам эмделген.

7-апрелге карата Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вакциналардын статусун белгилеген индекси жана эффективдүүлүгүнүн рейтинги боюнча, Sinopharm алтынчы орунда, Sinovac вакцинасы жетинчи орунда, ал эми CanSinoBio вакцинасы онунчу орунда экени белгиленген.

Бул көрсөткүч Февраль айына салыштырмалуу Кытай вациналарынын рейтинги төмөндөгөнүн көрсөтүп турат. Анткени февраль айында, ДССУ тарабынан критикалык учурларда колдонуу үчүн сунуш кылынган тизмеде Sinopharm вакцинасы бешинчи, Sinovac вакцинасы алтынчы орунда болчу.

Ал эми, коронавируска каршы дүйнөлүк вакциналардын рейтинги боюнча да, Кытай вакциналарынын эффективдүүлүгү төмөнүрөөк экени көрсөтүлгөн.

Кытайдын талаш жараткан SinoVac вакцинаcынын натыйжалуулугун изилдөөдө болсо ар кандай жыйынтыктар ортого чыккан. Мисалы, Түркияда 1322 ыктыярчы катышкан изилдөөдө “SinoVac” препаратынын эффективдүүлүгү 91,25 деп белгиленген. Ал эми, Бразилиянын Бутантан институту жүргүзгөн изилдөөдө, алгач аталган вакцинанын эффективдүүлүгү 78% деп белгиленип, бирок 2020-жылдын январь айында бул сан 50,4% га төмөндөтүлгөн. Алар, “SinoVac” вакцинасы жалпысынан натыйжалуу экенин, бирок ал тар чөйрөдөгү жана көбүнчө критикалык абалдагы бейтаптарга жарамдуу экенин кошумчалашкан.

Ал эми, CansiNoBio вакцинасынын эффективдүүлүгү да 65,7% экени айтылса да , бул препарат тууралуу өтө көп маалымат жок.

Белгилей кетсек, ушул убакка чейин Кытай өкмөтү тарабынан, КЭРде чыгарылган вакциналардын жогорку натыйжалуу экени айтылып келген. Ал эми 10-мартта Кытай Эл Республикасынын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Гао Фунун билдирүүсү, Кытай вакцинасына карата айтылган алгачкы терс пикир болуп саналат. Бир канча дүйнөлүк медиалар, Кытай өлкөсү Гао Фунун билдирүүсүн жайылтпаганга жана цензуралаганга аракет кылганын жазып чыгышкан.

Карама-каршы пропаганда

Азыркы учурда Covid-19га каршы вакцинаны өндүрүү бир канча өлкөдө ишке ашып жатат. Ушуга байланыштуу кээ бир өлкөлөрдө, атаандаш өлкөлөрдөн чыккан вакциналарга ишенимди төмөндөтүү үчүн терс пропоганда кылуу аракеттери дагы болгон.

Мисалы, буга чейин Кытайдын ЖМКларында жана социалдык тармактарында өнөктүк активдүү жүргүзүлүп, Батышта өндүрүлгөн вакциналардын коопсуздугуна күмөн жараткан ар кандай билдирүүлөр жарыяланган.

КЭРдеги мамлекеттик телеканалдардын биринин белгилүү алып баруучусу Лью Хин өзүнүн Твиттердеги баракчасына Pfizer/Moderna вакцинасын алгандан кийин 10дон ашуун адам каза болгонун жана вакцинага күмөн санаган терс билдирүүлөрүн жазган.

Кытай вакциналарына болгон ишенимсиздикти арттыруу аракети дүйнө медиаларына дагы мүнөздүү.

Көпчүлүк медиаларда коронавирус илдети Кытайда башталгандыктан, КЭРдин чыгарган вакциналарына ишенүү кыйын экени байма-бай айтылып келет.

Кыргызстан жана SinoPharm вакцинасы

19-мартта Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынын «China Biotekchnology Co LTD» компаниясы иштеп чыккан «SinoPfarm» вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Жалпы эмдөө 29-мартта башталып алгач медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогору жарандарга сайылаары белгиленген.

Бирок эмдөө башталганга чейин эле, кээ бир медицина кызматкерлери Кытай вакцинасын алуудан баш тартышкан. Бул абал, 1-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров эмдөөдөн кийин каза болду деген маалымат тарагандан кийин күч алган. Бирок, Саламаттыкты Сактоо министрлиги бул маалыматты четке каккан.

Белгилей кетсек, 6-апрельге карата Кыргызстанда Кытай вакцинасы менен 644 киши эмдөөдөн өткөн.

Жыйынтык: Кытайда өндүрүлгөн вакциналарынын эффективдүүлүгү төмөн экени чын. Бирок, ДССУ тарабынан критикалык учурларда колдонуу үчүн сунуш кылынган тизмеде бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты