Эркиндик баасы: Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 45 млн. сом жана цемент заводун берди

  • 3 года мурун

«Мыйзамсыз баюу» беренеси айыпталып, февраль айынын башында камакка алынган Кубанычбек Жумалиев 12-апрель күнү үй камагына чыгарылды.

Ал өлкө казынасына 45 миллион сом накталай төгүп, 955 миллион сомго бааланган Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун мамлекетке өткөрүп берүүгө макул болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд сом төгүп бере турганын УКМК басма сөз кызматы билдирген.

Кубанычбек Жумалиевге жазык кодексинин 319-беренеси, коррупция, менен кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты