​Тажикстанда «Мусулман агайындарга» тиешеси бар делген 117 киши 23 жылга чейин соттолду

  • 3 года мурун

Тажикстандын Жогорку соту 9-апрелде тыюу салынган «Мусулман агайындар» террордук уюмуна катышы бар деп айыпталган 119 кишиге өкүм чыгарды.

Ага ылайык, 117 киши 5 жылдан 23 жылга чейин эркинен ажыратылды, дагы экөө айып пулга жыгылды.

Тажик улуттук университетинде сабак берген Египет жараны Мухаммед Баюми топтун жетекчиси катары күнөөлөнүп, 23 жылга кесилди. Ушул эле университеттин дагы бир египеттик мугалими 7 жылга соттолду. Диний кызматкер Исмоил Каххоров 15 жылга эркинен ажыратылды. Калгандары беш жылга кесилди, алардын арасында бир нече жогорку окуу жайдын студенттери, окутуучулары жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бар.

«Озоди» радиосу кабарлагандай, соттолуучулар «Террордук мүнөздөгү кылмыштарды каржылоо», «Экстремисттик ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга чакыруу жана экстремизмди актоо», «Экстремисттик уюмду түзүү», «Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Тажик бийлиги 2020-жылдын башында өлкөдө тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмунун мүчөсү деп шек саналган 300дөн көп кишини аныктап, жарымы кармалганын кабарлаган. Башкы прокуратура «уюмдун максаты – бийликти күч менен басып алуу жана ислам мамлекетин орнотуу» экенин айткан.

«Мусулман агайындар» иши боюнча сот жараяны былтыр июлда башталып, жабык түрдө өткөн.

«Мусулман агайындар» уюму 2006-жылы Тажикстанда Жогорку соттун чечими менен «кара тизмеге» киргизилген. Бул диний-саясий уюм 1928-жылы Египетте негизделген. Көп өлкөлөрдө террордук деп таанылып тыюу салынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты