​Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразы партиялар аянтка чогулду

  • 3 года мурун

Ош шаарынын борбордук аянтына 12-апрелде отуздай адам чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгынын жокко чыгарылышын талап кылып жатышат. Алардын арасында “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу журт” жана “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү бар.

Алар шайлоо добуш сатып алуу, административдик ресурс менен өткөнүн айтып, нааразы болушууда. “Бүтүн Кыргызстандын” өкүлү Улан Канат уулу шайлоо жыйынтыгына нааразылар тиешелүү орган-мекемелерге кайрылганы жатканын билдирди:

“Расмий органдарга да атайын кайрылуу даярдап жатабыз. Кечээ шайлоо таза өткөндө бүгүн чыкпайт элек. Азыр бул жерде “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуу-Журт”, “Бир бол” партияларынын өкүлдөрү келди “Улуттар биримдиги” да келет”.

Добуш берүү аяктагандан кийин «Улуттар Биримдиги», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партиялары чогуу билдирүү жасап, анда бул шайлоонун «эң ыплас» өткөнүн айтып сындашкан.

Нааразы болгон партиялардын катарында шайлоодо 7% чектен ашкандары да бар.

Алгачкы жыйынтыкка караганда, автоматтык эсепке ылайык «Ата Журт Кыргызстан» партиясы 49%дан ашык добуш алып, алдыга чыкты. Андан кийин «Улуттар Биримдиги» менен «Ыйман Нуру», «Ынтымак» партиялары турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты