​COVID-19: 145 учуру катталды. Алты киши каза тапты

  • 3 года мурун

12-апрелге карата республика боюнча сутка ичинде COVID-19 илдетинин 145 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 107;
Ош – 2;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 103 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 86 028 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 90 372 кишиге жетти.

Өткөн суткада коронавирустан 6 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1528 кишиге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты