КЭДП партиясынан Исламбек Мурсабековдун 8-мартта зомбулукка каршы күрөшкөн аялдарды Украиналык ЖМКга таянуу менен “сойкуларга” теңегени чындык

8-апрель күнү Умай Арыкова аттуу Твиттер колдонуучу, өздүк баракчасына Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы, Бишкекте уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзаданы пайдаланып партиясын жарнама кылып жатат деген билдирүү жарыялаган. Ал мындай билдирүүсүн, жакында эле партиянын бир мүчөсү 8-мартта аялдардын укугун коргоо үчүн чыккан активисттерди “сойкулар” деп атаганын жана бул партиянын кызыкчылыгы үчүн гана жасалып жатканын билдирген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

1-апрель күнү, Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы менен Реформа саясий партиясынын ортосунда дебат болуп өткөн. Аталган дебатта КЭДП партиясынын мүчөсү, Исламбек Мурсабеков каршы тарапка суроо берип жатып Реформа партиясынын 8-март тууралуу оюн сураган:

“Мен бул жерде, Украиналык ЖМКнын айткандарына токтолгум келип жатат. Алар Роза жана Клара 8-марттагы жүрүштөрдү аялдардын укугун коргойбуз деген ураанды жамынып алып “сойкуларды” алып чыгышкан. Ошондой эле алар, муну менен эркин сүйүүнү жана жеңил ойлуулукту пропоганда кылышат. Силердин буга оюңар кандай?” -деп суроо берген.

Ал эми, “Реформа” партиясынын мүчөсү Урмат Насыркулов, Исламбек Мурсабековду аялдарга акарат келтиргени үчүн сынга алган. Бирок Мурсабеков, кайра Клара Цеткин жана Роза Люксембургдун аракетинин натыйжасында аялдар бүгүнкүдөй кеңири укуктарга ээ болгонун айтып, алгач айткан сөзүнө каршы чыккан.

Ал эми, 8-апрель күнү КЭДП партиясынын расмий баракчасына Айзаданын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу партия аялдарга карата зомбулукка каршы экендигин билдиришкен.

Ошондой эле КЭДП партиясы үчүн бул шайлоо өнөктүгү эмес экени жазылган. Бирок, 8-апрель күнү өткөрүлгөн шайлоодо партия мүчөлөрү КЭДП партиясынын эмблемасы бар кийимдерди кийип жүрүшкөн. Бул интернет колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерге жол ачып, көпчүлүгү партиянын жарнамасы катары баалашкан.

























Жыйынтык, Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынын мүчөсү алгач 8-мартта зомбулукка каршы күрөшкөн аялдарды Украиналык ЖМКга таянуу менен “сойкуларга” теңегени чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты